Эки министрлик балдардын маданиятын арттыруу аракетин баштады

Жазылуу
Күздөн тарта мектептерге маданияттын өкүлдөрү тартылып, мастер-класстарды өтүп, окуучулар менен биргеликте театрлашкан оюндарды коюп, көргөзмөлөрдү өткөрөт.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik.  Билим берүү, илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрликтери мектептердеги маданиятты өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк долбоорун баштоо алдында турат. 

Аталган долбоордун алкагында мектептерге маданияттын өкүлдөрү тартылып, мастер-класстарды өтүп, окуучулар менен биргеликте театрлашкан оюндарды коюп, көргөзмөлөрдү өткөрөт. Булардын баары балдардын кышкы жана жайкы каникул учурунда уюштурулат.

"Бизге маданияттын бардык тармагы, анын ичинен музыка, живопись боюнча жетишпейт. Мындай демилгени маданият министринин жеке өзү колдогондугу албетте, кубанарлык көрүнүш", — деди Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов каникул учурунда балдарды бул иш-чарага арбын тартууга аракеттер жасалаарын, аларды театр, көркөм өнөр жана чыгармачылыктын башка түрлөрү менен жакындан тааныштырууга жакшы мүмкүнчүлүктөрү жараларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0