Сокулуктагы көлмөлөрдү ууландыргандар адам үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

© Sputnik / Эркин АлымбековУуланган балыктар. Архив
Ууланган балыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көлмөсү ууланган Расул Мамедовдун айтымында, Мартынов дагы деле эркиндикте жүрөт.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Сокулуктагы көлмөлөрдү ууландырган деп шектелип жаткан Евгений Мартынов үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн Чүй ИИББдин маалымат катчысы Нургүл Нусупова билдирди.

Май айынын аягында Сокулук районунун Романовка айылындагы көлөмлөрдөгү балыктардын массалык кырылуусу катталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, чочко фермасынан чыккан калдыктардын көлмөгө куюлуусунан улам балыктар кырылган. Дыйкан чарба жергиликтүү кеңештин депутаты Мартыновго тийиштүү.

Аталган факты боюнча Сокулук РИИБи Кылмыш жаза кодексинин 271-беренеси "Сууларды кирдетүү" боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Аталган беренеге ылайык, үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Азыр химиялык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы чыга элек. Тергөө улантылууда", — деди Нусупова.

Бул балыктар менен азыктанган жаныбарлар да ууланышы мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
Ууланып өлгөн балыктардын убалы
Ууланган көлмөлөрдү биринин ээси Расул Мамедовдун айтымында, Мартынов дагы деле эркиндикте жүрөт.

Көлмөлөрдү ижарага алып иштеткендердин айтымында, Мартыновго таандык чочко фермасынан 2 миң тоннадай таштанды 6 каскаддан турган көлмөгө куюлуп, балыктардын кырылуусуна алып келген. Ошондой эле, аталган көлмөдөгү суу менен сугарылган 12 миң гектар талаа да жабыркоо коркунучунда турат. Жергиликтүү тургундар да көлмөлөрдө чирип аткан балыктардан улам жугуштуу оору жайылышы мүмкүн деп кооптонушууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0