Өмүралиев ишеним грамотасынын көчүрмөсүн Белоруссиянын ТИМине тапшырды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПереговоры министров иностранных дел РФ и Республики Белоруссия С.Лаврова и В.Макея
Переговоры министров иностранных дел РФ и Республики Белоруссия С.Лаврова и В.Макея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы дайындалган элчи Минск шаарына келди. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инисинин Белоруссиянын борборунан түшкөн сүрөтү интернетке чыгып кеткенден кийин расмий Бишкек 2012-жылы өз элчисин чакыртып алган.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Кыргызстандын Белоруссияга жаңы дайындалган элчиси Кубанычбек Өмүралиев ишеним грамотасынын көчүрмөсүн өлкөнүн Тышкы иштер министри Владимир Макейге тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилиги билдирди.

Элчи Өмүралиев: Белоруссия — биздин шериктеш
Жаңы дайындалган элчи бир канча күн мурун Минск шаарына келген.

Жолугушуу учурунда кыргыз-белорус алакасынын өнүгүүсүнө тараптар кызыктар экени айтылып, аны жандандыруу керектиги баса белгиленди. Белоруссия парламентинин Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү боюнча келишимди ратификациялоону жактыруусу соода-экономикалык, билим берүү жана башка тармактарда кызматташууну арттырууга болгон аракеттерди далилдеп турат.

Жаңы дайындалган элчи Минск шаарына келди. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин агасынын Минсктин борборунан түшкөн сүрөтү интернетке чыгып кеткенден кийин расмий Бишкек 2012-жылы өз элчисин чакыртып алган. 

Аталган мамлекетте Кыргызстандын акыркы элчиси болуп Эрик Асаналиев иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0