09:34 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Ажыдагы мусулмандар. Архив

Ажылык сапарга Ош облусунан 935 адам жолдомо алды

© AFP 2019 / MOHAMMED AL-SHAIKH
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык – 2015 (42)
46 0 0

Ажылыкка барууга чучукулактан өткөн жарандар адистер тарабынан окутулуп, 2015-жылдын 23-августунан баштап Меккеге жөнөтүлөт.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Ош облустук мусулмандар казыятында ажыга баруучулар арасындагы электрондук чучукулак тартуу иш-чарасы жыйынтыкталды. Бул туурасында Ош облустук казыятынын маалымат кызматы билдирет. 

Быйылкы ажылык сапардын Ош облусундагы жооптуу адиси Ыйманали Матраимовдун билдирүүсүндө Ош облусунан ажылык сапарга бардыгы болуп 2980 адам чучукулакка катышкан. 

"2014-жылы чучукулактан өтпөй калып кезек күтүп тургандар 2070 адам, 2015-жылы ажылыкка катталгандардын саны 910.  Алар катышкан жалпы чучукулактан 935 адам ажылык сапарга жолдомо алды. Андан сырткары, 2014-жылы ажылыкка барууга катталып жаш курагы 70 жаштан жогору болгон жарандарга чучукулаксыз ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгү берилди", — деди Матраимов. 

Ал зыяратка чейин чучукулактан өткөн жарандар ажылыктан баш тартса, бошогон орун ошол баш тарткан жарандын аймагындагы ажылыкка өтпөй калган аксакал адамга берилерин кошумчалады.

Чучукулак тартуу Ош облусунун беш районунда өтүп, ал эми Кара-Кулжа району менен Алай районунда бөлүнгөн квотага ылайык жарандар катталбагандыктан, чучукулак болгон жок. 

Ош облустук казыятынын маалымат кызматы ажылыкка өткөн жарандар адистер тарабынан окутулуп, 2015-жылдын 23-августунан баштап Меккеге жөнөтүлө баштарын кошумчалады.

Тема:
Ажылык – 2015 (42)

Тема боюнча

Ажылыкка бара тургандарды аныктоо 16-июнда аяктайт
Муфтият ажылыкка барчулардын аз катталганын дүйнөдөгү кризиске таяп жатат
Белгилер:
ажылык сапар, Ош облустук казыяты, Ыйманали Матраимов, Ош облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ