Кечээги шамалдан дарак кулап, Аламүдүндө 13 жашар кыз каза болду

© Sputnik / Данияр СандыбаевКулаган дарак. Архив
Кулаган дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-июнда Кыргызстандын аймагында болгон бороон-чапкындуу аба ырайы адам өмүрүн алып кетти.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Кечээ Чүй аймагындагы бороон-чапкындуу аба ырайынан улам кулаган дарак Аламүдүн районундагы ГЭС–5 айылында барак тибиндеги үйдүн чатырын жана 2002-жылы туулган кызды басып калган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Кырсык болгондон кийин жабыркаган кыз ооруканага жеткирилип, алган жаракаттарынан улам ооруканада каза тапты", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматынан Элмира Шерипова.

Борбор шаарда 8-июнда кечки сегизден кийинки болгон катуу шамалдан улам бактар, жарнамалык ири шиттер кулап жолдорду тосуп, жеңил унааларды басып калып, электр линиялары үзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0