Башкы прокуратура Карганбек Самаковдун кылмыш иши боюнча кенен маалымат берди

Жазылуу
Башкы прокуратура 2015-жылдын 14-майында Жогорку Кеңештин депутаты Самаковго карата КРдин Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козгогон.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун иши боюнча кенен маалымат берди.

Башкы прокуратура 2015-жылдын 14-майында Жогорку Кеңештин депутаты Самаковго карата КРдин Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козгогон. 

Самаковду кантип кармашкандыгын анын жактоочусу айтып берди
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, Карганбек Самаков 2007-жылдын аягында өзүнө жакын адамдар (туугандары, жардамчылары ж.б.) менен чогуу Лебединовское (134,2 га – сугат жерлери) жана Байтик айыл өкмөттөрүнө караштуу (100,0 га – сугат жана кайрак жерлер)айыл чарба иштрине арналган аянттарды сатып алып, андан тышкары, ошол эле максатта пайдаланылуучу Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн (28,1 га – жайыт жерлери, жалпысынан 262,3 га) жер аянттарын андан ары "Эл отурукташуучу жерлер" категориясына которуу жана сатуу максатында ижарага алган.

Лебединовское, Байтик, Кара-Жыгач айыл кеңештери жана айыл өкмөттөрү тараптан Карганбек Самаковдун көмүскө дайындалган адамдарынын демилгеси менен 2008-жылдын март-май аралыгында Аламүдүн райадминистрациясы жана Чүй обладминистрациясы жер аянттарын бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Жобонун ченемдерин бузуу менен жогоруда аталган жер аянттарын трансформациялоо жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алган.

2008-жылы 27-августта Жерди ажыратып берүү боюнча Республикалык комиссия, аталган жерлерге курулуш ишин жүргүзүү маселесин карап чыгып, олуттуу жана четтетилбей турган кемчиликтерди эске алуу менен Чүй обладминистрациясына кароосуз кайтарып берген, башкача айтканда трансформациялоодон баш тарткан.

Депутат Самаковдун баласы атасынын эмне себептен кармалганы боюнча оюн айтты
Карганбек Самаков Республикалык комиссия жерге курулуш жүргүзүү ишин кайтарып бергенинен кабар алган соң, жер аянттарын трансформациялоого мыйзамдуу негиз жок экенин билип туруп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Жаныбек Бакиев менен жең учунан сүйлөшүп алып, өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин ишке ашыруу үчүн анын колдоосуна ээ болот жана иш оңунан чыгарына ишенип, ага өз уулу, "Раакен инвест компани" ЖЧКнын башкы директору, жер ээлеринин жалган ээлеринин атынан иш-аракет жүргүзүүчү Кубанычбек Самаковдун жер аянттарын трансформациялоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевге жазуу жүзүндөгү кайрылуусун берет. 

Өлкө жетекчилигинин жана башка кызмат адамдарынын мыйзамсыз тапшырмаларын аткаруу үчүн вице-премьер-министр жана бир эле мезгилде Республикалык комиссиянын төрагасы болуп эсептелген Искендер Айдаралиев жана башка ыйгарымдуу кызмат адамдары Карганбек Самаковдун анык менчигинде турган жерлерди трансформациялоо жөнүндө билип туруп мыйзамсыз чечим чыгарышкан.

Карганбек Самаковдун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Жаныбек Бакиев жана башка бийлик күчүнө ээ адамдар менен артыкчылык пайдаларга жетишүү максатында туруктуу мыйзамсыз байланышынын натыйжасында КРдин өкмөтү 11.10.2008-жылдын 11-октябрындагы КР №574 токтому менен Чүй обладминистрациясынын Аламүдүн районундагы 262,3 га жер аянтын "Айыл чарба багыттагы аянттар" категориясынан "Калк отрукташуучу аянттар" категориясына которуу жөнүндө Республикалык комиссия менен макулдашылган сунушун кабыл алат. Мунун кесепетинен, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын туура жана мыйзамдуу иш-аракеттерин камсыз кылуучу коомдук мамилелерди бузуу менен мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу коркунуч жаратылган.

Кылмыш иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Самаковдун жактоочусу ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп эсептейт
Өзү көздөгөн кылмыштуу максатын ишке ашырып, аффиляцияланган адамдарга каттатуу жолу менен айыл чарба багытындагы жерлерди ээлеп алып, кийин аларды “Калк отурукташуучу жерлерге” которуп, Карганбек Самаков жерлердин басымдуу бөлүгүн сатып жиберүүдөн 8 млн. ашык АКШ доллар пайда тапкан.

Ошону менен бирге Карганбек Самаков жер аянттарын мыйзамсыз трансформациялоодо көрсөткөн жардамы үчүн Жаныбек Бакиевге ыраазылык иретинде Байтик айылындагы «Давос» турак-жай комплексинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныбек Бакиев, ошондой эле президенттин иштерин башкаруучу Курманбек Темирбаев үчүн үй куруп бермек. Бирок курулушту аяктап жана турак-үйлөрдү аталгандарга өткөрүп берүүгө Карганбек Самаков 2010-жылдын апрелиндеги окуяларга байланыштуу үлгүрбөй калган.

Белгилей кете турган нерсе, Карганбек Самаков жер аянттарын тартып алууда жергиликтүү калкты жана жергиликтүү бийлик органдарын алдап, аталган жер аянттарында Кара-Жыгач айыл өкмөтү инввестицияларды тартуу менен ар түрдүү объекттерди, анын ичинде Байтик айыл өкмөтүндө аквопарк, Лебединовское айыл өкмөтүндө «Лазанна» гольф-клубун, «Силк-Роуд» бизнес-борборун жана элиталуу турак-жай комплексин курат деп ишендирген. Бирок бул объектилер курулбастан, жер аянттары үчүнчү тараптарга сатылып кеткен. 

Башкы прокуратура 2015-жылдын 14-майында Жогорку Кеңештин депутаты Самаковго карата КРдин Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козгогон.

Самаковдун тарапташтары жана Турсунбеков УКМКнын имаратына келди
2015-жылдын 15-майында коррупциялык аракеттерди жасаган деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков кармалып КРдин УКМКсынын тергөө астындагыларды камоочу жайдын убактылуу кармоо бөлүмүнө жеткирилген.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Анын алкагында Кара-Жыгач, Байтик, Лебединовское айыл өкмөттөрүнүн, Аламүдүн райадминистрациясынын, Чүй обладминистрациясынын, Республикалык жер комиссиясынын жана КР өкмөтүнүн жетекчилиги менен кызмат адамдарынын, ошондой эле Карганбек Самаковдун көмүскө коюлган тараптарынын иш-аракеттерине юридикалык баа берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0