07:32 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Празднование Ураза-байрам. Архивное фото

Ош облусунда дин кызматкерлерине эмдөөлөр боюнча баяндама беришти

© Sputnik / Рамиль Ситдиков
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
65 0 0

Дарыгерлер түштүк аймактагы диний мекемелердин кызматкерлерине адамдарга жасалуучу эмдөөлөр жана анын ден соолукка таасири туурасында айтып беришти.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ош облусунда түштүк аймактын дин кызматкерлерине медицина кызматкерлери кызылча, кызамыкка каршы жасалуучу эмдөө туурасында маалыматтарды берип баштады. 

Дарыгерлер үчүн "Ислам дининин иммунизацияга болгон көз карашы" деп аталган дин кызматкерлеринин өкүлдөрүнө түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алууда колдонулуучу вакциналардын курамындагы элементтер туурасында кеңири түшүндүрмө беришти. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады. 

Дарыгерлердин айтымында вакцина эл аралык стандарттарга жооп берет, ошондуктан 2015-жылдын 12-23-май күндөрү 1 жаштан 20 жашка чейинки жарандардын массалык катышуусу чоң мааниге ээ. 

Түшүндүрүү иштерине Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешов, областык казыяттын иш башкарма башчысы Абдыжапар Жакыпов жана "Мутакалим" уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы катышты.

Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Эргешов эмдөөнүн зарылчылыгы боюнча дин кызматкерлери элге туура айтып-деп, үгүт-насаат жүргүзүүсү зарыл экендигин түшүндүрдү. Мындан сырткары Ислам жана адамдын ден-соолугу туурасында айтылган хадистердин негизинде Ислам дининде мусулмандын өзүнүн ден-соолугуна кам көрүүсү, зыяндан, оору-сыркоодон сактануусу жана этияттык чараларын көрүүсү акыл-эстүүлүк деп эсептелээрин билдирди. 

Буга чейин жылдын башында, кызылча оорусунун күч алышынын бирден-бир себеби, элдин диний түшүнүктөн улам балдарын эмдетүүдөн баш тарткандыгы болгондугун саламаттыкты сактоо мекемелеринен билдирген эле. Бирок, муфтият мындай түшүнктөрдү четке кагып, дин ден соолук үчүн адамдарга эмдөөдөн өтүүгө тыюу салбастыгын айткан.

Кыргызстанда кызылча жана кызматыкка каршы улуттук эмдөө кампаниясынын экинчи этабы –12-23- май аралыгында республикалык масштабда өткөрүлөт. Бул туурасында Республикалык Ден соолук борборунун маалымат кызматынын өкүлү Гүлбайра Абдраимова билдирди.

Тема боюнча

Кызылчага каршы эмдөө алган балада аллергия пайда болду
Кызылчага каршы кайтадан эмдөө зыянсыз экенин эксперттер айтышууда
Белгилер:
кампания, кызылча, эмдөө, кызамык, Гүлбайра Абдраимова, Ош облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ