Белоруссия фронтунда согушкан баткендик ардагерлерге Лукашенконун атынан медаль тапшырылды

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБелоруссия президенти Александр Лукашенко. Архив
Белоруссия президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссия президенти Лукашенконун куттуктоо каты жана Белоруссиянын аймагынан немистердин сүрүп чыгарылышынын 70 жылдыгына карата эстелик медаль Баткендик согуш ардагерлерине тапшырылды.

БИШКЕК, 7-апр. — Shutnik. Баткен облусунан Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, Белоруссия фронтунда согушкан тогуз ардагерге Белоруссия президенти Александр Лукашенконун колу коюлган куттуктоо жана эстелик медалдар тапшырылды. Бул туурасында Баткен облустук мамлекеттик администрациянын кызматкери Сейитмурат Калыков билдирди.

Белоруссиянын президенти Лукашенко тарабынан аталган өлкөдөн 1944-жылы немистик баскынчылардын сүрүлүп чыгаргандыгына арналган "1944-2014-жыл – 70 жыл" деген эстелик медаль жөнөтүлгөн. Алар учурда Кадамжайда жашап жаткан Жапар Туйгунов, Иван Яковлев, лейлектик Кошон Байматов, Карим Кабылов, кызыл-кыялык Жаныбек Абдрахмановго тапшырылды. Ал эми көзү өтүп кеткен Жармат Кулуев, Темир Мырзаев, Сабирдин Пахридинов жана Орунбай Хабиловдун балдарына тапшырылды. 

"Кадамжайдан медаль алты согуш ардагерлерине келсе, алардын экөө өз колуна, ал эми төртөөнүн көзү өтүп кеткендиктен, балдарына тапшырылды. Алыстан келген мындай кабар биздин аксакалдарга жагымдуу болду", — деди Кадамжай районунун акиминин орун басары Токто Ильязова. 

Учурда Баткен облусунда 69 согуш ардагери, ооруктун 734 эмгекчиси бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0