19:11 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Производство мясных консервов в Калининградской области

Шапарева: КРдин өндүрүш компанияларынын бардыгы эле штрих-код колдоно бербейт

© Sputnik / Игорь Зарембо
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
3810

Эл аралык каттоо системасында Кыргызстанга 470 жеке номер берилген. Бирок товарларды маркировкалоо системасын 400дөн ашпаган гана компания колдонот.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Штрих-кодду колдонгон товарларды эларалык маркировкалоо системасына Кыргызстандын 400дөн ашпаган гана компаниясы катталганын Кыргызстандагы Предметтик нумерация ассоциациясынын менеджери Елена Шапарева Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, ишканалар маркировка керек эмес дешип, аны жакшы колдонбой жатышат.

Штрих-кодду дүйнөдөгү 100дөн ашык мамлекет колдонот. Эл аралык каттоо системасында Кыргызстанга 470 деген жеке номер берилген.

"Маркировкаланып Кыргызстанда чыгарылган товарларды эл аралык базадан табууга болот. Штрих-код дүкөндөрдөгү товарларды каттоого алууну жеңилдетет", — деди Шапараева.

Ал ошондой эле, компаниялар ак-кара болгон маркировканы бекер эле албасын белгиледи. Минималдык мүчөлүк акы 50 евро жана жыл сайын да ушунча каражат төлөгөн ишканалар 4 штрих-кодду колдоно алат. Максималдуу мүчөлүк акы 300 евро төлөгөн жана жылына 200 евро төлөө менен компаниялар чексиз штрихкоддорду колдоно алат.

Штрих-код 1973-жылдын 3-апрелинде АКШда киргизилген. Кийин ал дүйнө жүзүнө жайылган. Штрих-коддун авторлоу – Дрексель университетинин Филадельфиядагы технология университетинин аспиранттары Бернард Сильвер менен Норман Жозеф Вудланд.

Белгилер:
штрих-код, товар, Елена Шапарева, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ