19:11 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Деньги

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери уурдаган 4 млн. сом бюджеттен төлөндү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
3510

Донорлор суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашырууда макулдашылбаган чыгымдарды калыбына келтирүүнү Айыл чарба министрлигинен талап кылган. Ал эми бул каражат мамлекеттик бюджеттен төлөнгөн болчу.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Айыл жерин суу менен камсыздоо департаментинин кызматкерлери жеп алган 4 миллион сомду эл аралык донорлорго мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүп берилгенин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Аталган кызматтын кызматкерлери ири көлөмдөгү бюджеттик каражат уурдалган фактыны аныкташкан.

Айыл чарба министрлигинин Айыл жерин суу менен камсыздоо департаментинин Долбоорлор боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 2008-2013-жылдары Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, эл аралык уюмдар тарабынан гранттык жана кредиттик негизде долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттардан 4 миллион сомдон ашык акчаны кымырып алганы аныкталган.

"Эл аралык донорлор бул чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылганда, алар министрликтин кызматкерлери жеп алган каражаттарды мамлекеттик бюджеттен төлөп беришкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул ишке тиешеси бар адамдарга карата кылмыш иши козголгондугун аталган маалымат кызматы кошумчалады.

Белгилер:
кылмыш иши, бюджет, дүйнөлүк банк, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ