Ат-Башы районунун Ак-Сай аймагындагы малдан кутурма чыкты

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖайлоо. Архив
Жайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү мал доктурлар малды эмдөө үчүн чыгып кетишти

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ат-Башы районунун Ак-Сай жайлоосундагы Сары-Иймек участкасынан малдын кутурма оорусу аныкталганын Калинин айылынын тургундары билдирди.

Маалыматка ылайык, малдан алынган анализдердин жыйынтыгы бүгүн чыгып, кутурма дарты бар экени аныкталган. Маалыматтарга караганда, он чакты кой, эки топоз өлгөн, бирок, анын себеби кутурма экендиги тактала элек.

Учурда жергиликтүү мал доктурлар кыштоодогу малды эмдөө үчүн Ак-Сайга чыгып кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0