Маалымат кызматы: Атамбаев балдардын дин аралашпаган улуттук кийим кийүүсүн колдойт

© AFP / MOHAMMED HUWAISОкуучу балдар. Архив
Окуучу балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев "мусулмандардын кийими" деген терминди таптакыр кабыл албайт, айрыкча, балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

Бишкек, 20-фев, — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "мусулмандардын кийими" деген терминди таптакыр кабыл албайт, айрыкча, балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо, ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген. Мындай билдирүүнү президенттин маалымат кызматы таратты. 

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү өлкө башчынын парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев 2015-жылдын 19-февралында Жогорку Кеңеште айрым мектеп окуучуларынын хиджаб кийип жүргөндүгүнө байланыштуу мамлекет башчысынын позициясын туура эмес түшүндүрүп койгондугун билдирди. 

19-февралында парламентте президенттин өкүлү бул боюнча Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ата-энелерден мектеп окуучуларына хиджаб кийип жүрүүсү туура эле, бул президенттин айткандарына туура келет деген маанайда сүйлөп, бул боюнча аталган кызматкер ишинен алынат деген маалыматты билдирген. 

"Президент Алмазбек Атамбаев "мусулмандардын кийими" деген терминди таптакыр кабыл албайт, айрыкча, балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген. Бул позиция кыргыз мамлекетинин дин аралашпаган мүнөзү жөнүндө конституциялык жободон улам келип чыгат. Демек, кызмат адамдарынын, тактап айтканда, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ата-энелерден мектеп окуучуларына хиджаб кийип жүрүүнү таңуулабагыла деп талап кылган аракеттерин толук негиздүү деп эсептейбиз", — деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө. 

Маалымат кызматы президентинин аппарат жетекчилиги тарабынан өлкө президентинин сөздөрүн туура эмес чечмелөө боюнча Молдакун Абдылдаевдин жоопкерчилиги каралып жаткандыгын кошумча маалымдаган. 

Атамбаев 2014-жылдын 3-ноябрында Коргоо кеңешинин жыйынындагы сөзүндө мусулман наамын кийим аркылуу эмес, жасаган иши, таза ниети, үлгүлүү жүрүм-туруму менен далилдеш керек деп баса белгилеген. 

"Айталык, мусулмандын кийими деп хиджабды, шалбыраган боз дамбалды эсептеп алсак, анда эмне, кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди же болбосо күнүмдүк жашоо-тиричиликке ылайыктуу кийингендерди мусулман дебей, каапыр дейбизби?! Деги эле "мусулман кийими", "мусулман эместин кийими" дегендей чектөө жок ыйык Куранда! Исламда жарашыктуу, таза кийинүү талап кылынат", — деп айткан Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынында.

Жаңылыктар түрмөгү
0