19:15 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Приморский центр микрохирургии глаза во Владивостоке

Дарыгерлер жаңылып өспүрүмдүн соо көзүнө операция жасап салышкан

© Sputnik / Виталий Аньков
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
88 0 0

Учурда милиция кызматкерлери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун эки медициналык кызматкерин кармашты.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. Офтальмологдор жаңылып 9 жаштагы баланын соо көзүнө операция жасап салышкан. Операция "Жал" кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына баланын энеси арыз менен кайрылган. Анын айтымында, дарыгерлер 9 жаштагы уулунун ооруган сол көзүнө операция жасашы керек болчу. Бирок алар жаңылып, баланын оң көзүнө операция жасап алышкан.

Дарыгерлер жаңылып калганын операция бүткөндөн кийин айтышкан.

Учурда милиция кызматкерлери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун эки медициналык кызматкерин кармашты. Ленин РИИБдин тергөөчүлөрү окуя болгон жерде иштеп жатат. Жакын арада окуянын чоо-жайы да аныкталат.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Sputnik сайтына берген маегинде дарыгерлердин катасынан медициналык кызматкерлерди жана бейтаптарды милдеттүү түрдө камсыздоо боюнча мыйзам жок экенин билдирген болчу.

Белгилер:
медицина, Талантбек Батыралиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ