Майлуу-Суудагы ооруканада жаткандардын ичинен бир адамдан күйдүргү табылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКүйдүргү оорусу. Карантин. Архив.
Күйдүргү оорусу. Карантин. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майлуу-Суу шаарындагы күйдүргүгө шектелип, ооруканада жаткан жети кишинин ичинен бир адамдан күйдүргү чыгып, калгандырынан аныкталган жок.

Бишкек, 11-фев. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарындагы күйдүргүгө күмөн болуп ооруканада жаткан жети кишинин ичинен бир адамдан күйдүргү чыкты. Бул туурасында Майлуу-Суудагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу боюнча борборунун жетекчиси Немат Мамбетов билдирди.

Майлуу-Суудагы күйдүргүгө байланышкан абал боюнча, аталган аймакта карантин жарыяланган. Көк-Таш айыл аймагындагы эки жерге, кире беришинде жана чыгышында атайын посттор орнотулган. 

"Башында жети адам жаткан, алардын анализдерин Жалал-Абадга лабараторияга жибердик эле, алардын ичинен бирөөсүнөн эле тастыкталды. Ал — 1962-жылы туулган Көк-Таштын айыл аймагынын тургуну. Икубациондук учур эки жума, антсе да, малды эмдөө иштерин жасадык, үймө-үй кыдыруу иштерин жүргүзүп жатабыз ", — деп билдирди Мамбетов. 

Ал эми Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Элдияр Мамдияр уулу учурда карантинге алынган аймак эки маал кароодон өткөрүлүп жаткандыгын билдирди. 

"Оору чыгышы мүмкүн деп шектелип, карантинге алынган жерде мал күнүнө эки ирет, эртең менен кечинде кароодон өтүп жатат. Майлуу-суу шаарынын, аймак башкармалыгынын, андан сырткары Ноокенден келген адистер карап жатышат", — деп билдирди Мамдияр уулу.

Буга чейин Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айыл аймагынын жашоочусу тараткан эттен, күйдүргүгө шектелген 7 адам Майлуу-Суу шаардык ооруканасына кайрылышкан. Ал эми оорунун очогу болгон Көк-Таш айыл аймагына атайын посттор коюлуп, карантин жарыяланды.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, 90 килограмм эт таркатылган, азыркы убакта 23 килограммы элден алынып, атайын бөлүнгөн жерге ветеринардык эрежеде менен көмүлгөндүгүн кабарлаган.

Мамбетов карантиндин мөөнөтү бул боюнча түзүлгөн штабда каралып, жагдайга карата чечилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0