Кыргызстанда жатын моюнчасынын рак оорусун дарылоо боюнча протоколу иштелип чыкты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРабота детской поликлиники во Владивостоке в период эпидемии гриппа
Работа детской поликлиники во Владивостоке в период эпидемии гриппа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Клиникалык протокол "ракты дарылоо боюнча дарыгерлер үчүн кадамдык инструкция" болуп саналарын КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин кеңешчиси түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу 2015-жылдын январында жатын моюнчасынын рак оорусу боюнча эки клиникалык протокол бекитилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин далилдүү медицина маселелери боюнча кеңешчиси Бермет Барыктабасова "Онкологиялык оорулуулардын укугу" аттуу кереге кеңеште билдирди.

Врач Национального центра онкологии КР Батырканова Чынара Жээнбековна - Sputnik Кыргызстан
Врач-онколог жатын моюнчасынын шишик оорусун алдын алуу жана дарылоо жөнүндө
Клиникалык колдонмо 2015-жылдын январында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген.

Барыктабасованын айтымында, биринчи колдонмо – бул скриннинг жана оорунун биринчи жана экинчи деңгээлин мүмкүнчүлүк чектелген шартта аныктоо боюнча инструкция болуп саналат. Башкача айтканда, республиканын бардык райондук ооруканаларынан, поликлиникалардан жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан аныктоого шарт түзөт. Экинчи клиникалык колдонмо үчүнчү деңгээлдеги жатын моюнчасынын рак дартын айыктыруу үчүн түзүлгөн. Башкача айтканда Улуттук онкологиялык борбордун дарыгерлерине арналган.

"Клиникалык протокол көпкө чейин иштелип чыгып, акыр аягында бекитилди. Алардын сапаты абдан жогору. Эксперттер аны беш-алты жолу экспертизадан өткөрүп, өз баасын беришти. Аталган клиникалык колдонмону Улуттук онкологиялык борбордун илимий кызматкери Чынара Батырканова иштеп чыккан", — деди ал.

Барыктабасова ошондой эле, аталган колдонмо рактын түрлөрүн кандай дарылоо керектиги боюнча дарыгерлерге так көрсөтмө берет. Колдонмодон кандай дарылар колдонулушу керектиги, кандай диагностика жүргүзүү керектигине чейин жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0