Врач-онколог жатын моюнчасынын шишик оорусун алдын алуу жана дарылоо жөнүндө

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач Национального центра онкологии КР Батырканова Чынара Жээнбековна
Врач Национального центра онкологии КР Батырканова Чынара Жээнбековна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын 4-февралда Шишик оорусуна каршы Бүткүл дүйнөлүк күрөшүү күнү азыркы замандын эң оор дарттарынын бири жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, анын алдын алууга, аныктап жана дарылоого көңүл буруу максатында белгиленет. Бул күндү Эл аралык онкологиялык ооруларга күрөшүү биримдиги жарыялаган.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Улуттук онкология борборунун (УОБ) дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Батырканова Sputnik кабарчысына айтып бергендей, жыныстык жашоонун эрте башталышы, жыныстык өнөктөштөрдүн көп болушу жана тез-тез алмашып турушу жатын моюнчасынын шишик оорусуна чалдыгуу коркунучун жогорулатат. 

Кыргызстандын УОБ маалыматына ылайык, 2013-жылы шишик оорусуна чалдыккандардын саны 5 миң 126 адамга жетип, алардын 2 миң 983ү каза болду. Бул бейтаптардын дээрлик 60 пайызы дарт аныкталган биринчи жылы эле көз жумат дегенди билдирет. Шишик оорусунун өлкөдө эң кеңири тарагандарынын бири болуп жатын моюнчасынын шишиги эсептелет. 

"Жатын моюнчасынын шишиги бул жатындын моюнчасында коркунучтуу шишик пайда болуучу онкологиялык дарт болуп эсептелет. Баштапкы мезгилде ал эч сезилбейт, ал эми өтүшүп калганда аялдын курсагынын төмөн жагы жана бели ооруй баштайт. Акыркы жылдарда КРде жатын моюнчасынын шишиги менен жабыркагандардын саны өсүп бара жатат. Ал эми экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдө дарттын алдын алуу жана дарылоо ыкмаларынын өнүгүшү жана каржылоонун көбөйүшүнөн алардын саны азаюуда", — деп белгилейт Батырканова.

Анын айтымында, бул ооруга чалдыккан аялдардын жаш курагы 16дан 80 жашка чейин жетет. Жатын моюнчасынын шишик оорусунун пайда болушуна адам папилломасы вирусунун (АПВ) онкогендүү түрү себеп. Вирус негизинен жыныстык жол менен берилет. Ал эми аны жугузуп алуудан коргонуунун эң натыйжалуу жолу болуп тийиштүү коргонуу каражаттарын колдонуу эсептелет. 

"Жыныстык байланышы бар ар бир аял АПВнын онкогендүү түрүн жугузуп алуунун аркасында жатын моюнчасынын шишигине чалдыгышы мүмкүн. Аны жугузуп алуу коркунучу жыныстык жашоонун башталышы менен пайда болуп, аялды өмүрүнүн акырына чейин коштоп отурат", — деп баса белгиледи дарыгер. 

АПВнын онкогендүү түрүн жугузуп алуудан аялдардын жатын моюнчасында шишиктин пайда болуу коркунучун жогорулата турган факторлор: жыныстык жашоонун эрте башталышы; жыныстык өнөктөштөрдү тез алмаштыруу же алардын көп болушу (же башка көп өнөктөшү бар адам менен жыныстык мамиледе болуу); көп төрөө жана боюнан көп алдыруу; өтө жаш кезде төрөө же бойдон алдыруу; тамеки чегүү; жыныстык жол менен берилүүчү дарыланбай өнөкөткө айланган инфекциялар.

Жатын моюнчасынын шишик оорусун алдын алуучу чараларга туура жашоо; жыныстык жол менен берилүүчү дарттарды убагында дарылоо; өспүрүм кыздарды жыныстык жашоосу башталардан мурун аталган дартка каршы эмдөө. Бул эмдөө илимдин акыркы жетишкендиктеринен болуп эсептелет.

"Өнүккөн Европа өлкөлөрүндө 2007-жылдан тартып вакцинация мамлекеттик бюджеттин эсебинен саламаттык сактоо органдары тарабынан 12 жаштагы кыздарды жазуу түрүндө чакыруу жолу менен же перспективалуу мектеп программалары боюнча камсыз кылынат. Башкача айтканда, кыздарды дээрлик 100 пайыз эмдөө камсыз кылынып, АПВга каршы эмдөө боюнча улуттук реестр түзүлөт. Кыргызстанда азырынча вакцина жок, ошондуктан аны калкка комплекстүү эмдөө жүргүзүү программасына киргизүү мүмкүн эмес", — деп чечмеледи онколог.

Андан ары ал адам папилломасынын вирусуна каршы вакцина жыныстык катнаш түзө элек аялдар үчүн жатын моюнчасынын шишик дартын алдын алуучу гана каражаты болуп эсептелерин, бирок ал дартты жугузуп алгандан кийин аны дарылоого жараксыз экендигин айтты. 

"Жатын моюнчасынын шишик дарты башында эч билинбей өрчүшү, аялдардын өз ден соолугуна кайдыгерлиги, элдик эмчи-домчулар менен биологиялык активдүү кошулмаларды чыгаруучулардын эл ишеничине кеңири кирип алышы оорулуулардын дарыгерлерге өз убагында кайрылбай же текшерүүдөн өтүп жана дарылануудан баш тартышына себеп болууда. Натыйжада бейтап көп чыгымга учурап, убактысын да текке кетирип жатат. Ал эми дарт болсо күчөп отуруп, метастаза пайда болот, демек, онкологиялык мекемеде андан ары дарылоонун натыйжасы төмөндөйт", — дейт Батырканова.

Сөзүнүн акырында УОБдун адиси, эгер дарт өтүшүп кете электе эрте кайрылса, жатын моюнчасынын шишик оорусуна чалдыккандардын баарын дарылоого боло турганын аялдар билиши зарыл деди. Ал эми оорунун алдын алуу үчүн аялдар жылына бир-эки жолу гинекологго барып, цитологиялык изилдөөдөн өтүп турушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0