Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекс өзгөртүлүп, толукталат

Жазылуу
Мамлекет башчысы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзамга кол койду.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин айрым жоболорун өркүндөтүү, администрациялык укук бузуулар боюнча иштерди караган мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөө.

Мыйзам экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын белгилейт. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын тактап, шаар куруу-архитектуралык ишмердүүлүгү чөйрөсүндө укук бузуулар үчүн администрациялык айыптардын өлчөмдөрүн көбөйтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0