Бул менин өмүрүмдөгү биринчи салют болчу деп эскерет Ленинграддын блокадачысы

© Sputnik / Борис Кудояров / Медиабанкка өтүүБлокадный Ленинград
Блокадный Ленинград - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Биз, Ленинграддын балдары, күйгөн топуракты жеп, булгары курларды кайнатып суюк тамак жасап ичкенбиз, бирок ошол согуштун каргашасына туруштук бере алдык", — деп айтып берди Блокадачылар коомунун жетекчиси Анна Кутанова.

БИШКЕК, 27 янв — Sputnik. Ленинграддын блокадачылар коомунун жетекчиси Кутанова Sputnik сайтынын кабарчысына фашисттик курчоодо калган шаарда өткөн күндөрү тууралуу эскерет. 

© Sputnik / Таалай ОроcкуловПредседатель Общества блокадников Ленинграда Анна Кутанова
Председатель Общества блокадников Ленинграда Анна Кутанова - Sputnik Кыргызстан
Председатель Общества блокадников Ленинграда Анна Кутанова

Өлүм курчоосу

Фашисттик Германияга каршы согуш бүтүндөй совет эли үчүн оор кайгы болгон. Баскынчылар менен 1 миң 418 күнгө созулган бул кандуу кармашта 20 миллиондон ашык адам курман болгону баарына белгилүү.

1941-жылы душман өлкөнүн ичин көздөй тез басып кирип отуруп, 8-сентябрда Ленинград курчоо алдында калган. Гитлерчилер Лениндин шаарын жер менен жексен кылгылары келген. Күн сайын замбиректерден атылган октор, абадан кол салуулар жана бомбалоолор шаардыктарга, ал кездеги 11 жашар кичинекей кыз – мага чыныгы тозок болгон. 

Башында биз мектепке барып жаттык, бирок бир күнү артиллериялык ок жаныбызга жакын түшүп жарылды. Анын толкунунан мен ары учуп түштүм, колумда кармаган портфелим болсо ыргып кетти. Ажал менин түбүмдө турганын түшүнбөй, чачылган китеп-дептерлеримди шашкалактап чогулта баштадым. Бир жолу авиациялык бомба мектептин балдар тамак иче турган ашканасына түштү. Каардуу согуштун мындай күндөрүн унутуш кыйын …

Ал кезде атам шаардын абадан урган соккудан коргонуу кызматында болчу. Мен болсо апам жана эжем менен Васильев аралындагы үйүбүздө калганбыз. Бабаевдеги атактуу азык-түлүк кампалары алоолонуп күйгөнү азыр да эсимде. Аларды фашисттер биринчи кезекте жок кылышкан. Жалындан чыккан жарык бир нече чакырымга чейин көрүнүп турду. Бир топ убакыттан соң биз өрт болгон жерге барып, азык-түлүктүн күйүк калдыктарын жана күйүп эриген шекерден таттуу даамданып калган топуракты чогултканы барып жүрдүк. 

Биздин тамак эле жегибиз келе берчү 

1941-жылдын кышында ачарчылык башталды, биз тамак жегибиз эле келчү. Атам кызматынан берген бир сынык нанын, суюк тамагын бизге алып келчү. Биздин үй-бүлөдөн баарынан биринчи 1942-жылы атам каза болду. 

Биздин күнүмдүк жеген тамагыбыз апамдын 250 грамм наны жана эжем экөөбүзгө ар бирибизге берилчү 125 грамм нан болчу. Мен аны кичинеден кестирип алып, нандын даамы оозумда көпкө калсын деп абдан жай жечүмүн. Эсимде, апам өзүнүн алтын шакегин бир бөлкө нанга алмаштырып келген. Биз кыйраган үйлөрдөн.чатырлардан, огороддордон тапканыбыздын баарын жээр элек. Булгары курду кайнатып апам суюк тамак бышырчу. Бир күнү болсо ал капкара топурак салынган эки баштык алып келди. Андан биз токоч ийлеп жасап, "буржуйкага" кактап бышырып алып, эптеп курсагыбызды алдаш үчүн ошол майлуу кара топуракты жегенбиз. 

Элдер ачкалыктан көчөдө бара жаткан жеринен эле жыгылып калышчу. Бүт жерде тоңуп калган адамдардын сөөктөрү жатчу, биз аларды бир жерге топтоп, анын жүк ташуучу машина келип алып кетчү. Ачкалыктан биздин башка эч бир сезимди туйбай калганбыз. Ал турсун, балага табиятынан мүнөздүү болгон ойноюн деген ниети да унутта калган эле. Биз таштай болуп ыйлаганды да билбей калганбыз. 

Баары жеңиш үчүн 

Ал кезде көпчүлүк өспүрүмдөр аскер заводдорунда аялдар менен тең иштешкен. Мен анда кичине болгондуктан станокко боюм жетпей, ишке жараксыз болчумун, ошондуктан короодо өзүм курактууларды топтоп алып телефондук байланышчы болгом. Биз бомба таштоолор жана абадан кол салуу коркунучу тууралуу билдирүүлөрдү кабыл алып, элге билдирип жана абадан кол салгандык жөнүндө штабга жеткирип турчубуз. Бир түндө душман абадан беш-алты, айрым учурда он жолудан кол салчу. Мотордун үнүнөн биздин учакпы же душмандыкы учуп келе жатабы, айрый алчубуз. Мен учуп түшүп келе жаткан бомбанын ышкырыгын эч качан унута албайм. 

Биз үйлөрдүн үстүлөрүн тазалап бошотуп, үйлөргө тийгенде өрт чыгаруучу фугастуу бомбаларга каршы суу толтурулган идиштер менен кум толтурулган кутуларды койчубуз. Күнү-түнү кезектешип кайтарып, укмуштай оор кычкачтар менен түшкөн бомбаларды алып баягы идиштерге салып өчүрчүбүз. Биз дагы фашисттер шаарга жиберип турган көп сандагы тыңчыларды аныктап табыш үчүн көчөдө ары-бери өткөндөргө үңүлүп карачубуз. 

Кичинекей жүрөгүбүздөгү атуулдук сезим бизге күч-кубат, жашоого үмүт жана жеңишке ишеним берип турган. Менин бардык курдаштарымдын фронтко, согуштун алдыңкы катарына качып кетүүгө болгон тилегибиз чоң болчу. 

Менин көкүрөгүмдө музыка ойногон

1943-жылдын 18-январында биздин жоокерлер шаардын курчоосун жарып киришти. "Жеңиш жолу" аркылуу дары-дармектер менен азык-түлүк келе баштады. Ошол күнү шаардын радиосу Левитандын үнү менен сүйлөп, көптөн күткөн кабарды билдирди. Эмне үчүн экенин билбейм, мага дал ошол күнү биринчи салют атылгандай эсимде калыптыр. Мындай болбогондугун акылым менен туйсам да, адамдар ал кезде үйдөн чыкканга алдары келбесе да мага ошол күнү салют болгондой сезилет. Ал күнкү кубаныч жана тегеректе угулган музыка азыркыга чейин менин көкүрөгүмдө толуп турат.

Менин өмүрүмдөгү биринчи салют

Курчоо толук алынган күнү, 1943-жылы 27-январда шаар тургундары кичине күчкө келип калган болчу, ошондуктан көчөлөргө эл толуп кетти. Биз, майда балдар, топтошуп алып алдыга карай чуркап бир баратабыз. Кайда чуркаганыбызды деле билбейм. Бирок кубанычтуу кыйкырык, тегерекке толгон ый биз үчүн эң жакшы үн болгон. 

Курчоонун алынышы чыныгы майрам болду. Баарыбыздын кубанычыбыз көкүрөгүбүзгө батпай, туш-тараптан музыка жаңырып, кечинде болсо чыныгы салют атылды. Менин өмүрүмдөгү биринчи салют. 

Жан биргелердин коому 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бардыгы болуп 33 блокадачы жашайт. Ал жан биргелердин үчөө Караколдо, бирөө Кара-Балтада, дагы бирөө Кантта турат. Экөө Лебединовка айылында, калган 26 адам Бишкекте жашайт. 

Блокадачылардын коому биз башыбыздан өткөргөн күндөрдү азыркы муундар эстен чыгарбашы үчүн, каргашалуу согуштун кайгылары унутта калбашы үчүн көп иш-чараларды өткөрөт. Жыл сайын жаңы муундарга насаат катары эскерүү митингдери өтүп турат.

2002-жылдан бери коомдун төрайымы катары аз гана санда тирүү калгандардын турмуш шартын жакшыртуу жагынан көп нерсеге жетиштим. 

Бизге бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги жакшы көңүл бурат. 2006-жылы блокадачылар менен концлагерлерден кайткандар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине теңештирилген. Блокадачылар турак-жай жана коммуналдык кызмат акылары жагынан жеңилдиктерди алышкан. Президенттин жарлыгы менен блокадачыларга быйыл өмүрүнүн акырына чейин 3 миң сомдон пенсия чегерилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0