Чек ара кызматы Афганистандан НАТО күчтөрү кеткенден кийинки кооптуулукка даяр

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: жоокерлер
Архив: жоокерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматы Афганистандан НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин жарала турган кооптуулукка даяр туруп, чек аранын көйгөй жарата турган жерлерин бекемдеп жатат.

БИШКЕК, 14-янв — Sputnik. Чек арачылар Афганистандан НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийинки кооптуулукка даяр экендигин Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Райымберди Дүйшембиев Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына билдирди. 

Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин айтымында, кооптуулук жарала турган аймактарга 2014-жылы кошумча заставалар орнотулган.

"Кыргызстан-тажикстан мамлекеттик чек арасындагы ашууларынын ачылышы менен Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын бөлүктөрү жана КРдин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын бөлүктөрү иликтөө-издөө иштерин жүргүзүп жатат. Мындан сырткары ал аймактарды жакшы билген жергиликтүү жашоочулар да тартылууда", — деп айтты Дүйшембиев. 

Дүйшембиевдин маалыматында, бир катар аймактарда мүмкүнчүлүгү кеңири болгон "Фокус-д" деп аталган оптикалык-электрондук модуль орнотулган. 

"Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп айтсак, оператор бир жерде туруп эле, мамлекеттик чек араны 10 чакырымга чейин байкап, көз салып турганга мүмкүнчүлүгү бар", — деп билдирди ал. 

Архив: Райимберди Дуйшенбиев - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөмбиев: чек араны бекемдөө – комплекстүү иш алып барууну талап кылат
Декабрдын аягында Афганистандагы НАТО күчтөрүнүн 13 жылдык миссиясы аяктады. 

РИА Новости "Аль-Жазира" араб каналына таянуу менен, жабылуу иш-чарасы талибдердин кол салуусунан кооптонгондуктан, Кабулда жашыруун өткөндүгүн билдирди. Аскерийлердин акыркы маалыматтарына караганда, радикалдашкан динийлер өлкөнүн борборунда террордук иштерин улам арбытууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0