Быйыл Алымбек Датканын 215 жылдык мааракеси белгиленет

© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүүГоры Киргизии
Горы Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү тарыхый инсан Алымбек датка Асан-бий уулунун 215 жылдык мааракеси быйыл белгиленет.

БИШКЕК, 5-январь — Sputnik. 2015-жылы көрүнүктүү тарыхый инсан Алымбек датканын 215 жылдык мааракеси белгиленет. Бул туурасында узап бара жаткан жылы ЖК 2015-жылы өз заманында кыргыз жеринин бүтүндүгүн, кыргыз элинин биримдигин бекемдөөгө зор салым кошкон белгилүү тарыхый инсан Алымбек Датка Асан-бий уулунун 215 жылдык маарекесин белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды.

Алымбек датка 1800-жылы Алай аймагында туулган. Ал жаш кезинен мамлекеттик иштерге жакындан аралашып, 1827-1862-жылдар аралыганда Кокон хандыгындагы баардык олуттуу окуялардын катышуучусу болгон. Ошону менен бирге, ал өз алдынча кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө саясатын жүргүзгөнү белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0