Атамбаев: Башкы прокурор Салянова отставкага кетүүгө арыз берген жок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову
Президент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Башкы прокурор Аида Саляновадан иштен кетүү боюнча арыз түшпөгөндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жыйынтык маалымат жыйынында башкы прокурор Аида Саляновадан иштен кетүү боюнча арыз түшпөгөндүгүн билдирди.

Салянова эс алуу үчүн эмгек өргүү сурагандыгын айтты.

"Анын иши кыйын, болгону эс алуу үчүн гана эмгек өргүү сурады. Ачык эле айтып коёюн, башкы прокурорлук кызматка кандай гана киши келбесин, Атамбаев президент болуп турганда коррупция менен күрөшүү уланат. Салянова кызматтан кетүү боюнча эч кандай арыз жазган жок, ал эмгек өргүүсүндө, эс алып жатат. Адам деген чарчайт. Аида Салянова өлкө үчүн жакшы иш жасап жатат, мындан ары ушундай иштер уланат", — деди Атамбаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0