Ат-Башылык окуучулар ЖК спикери Жээнбеков менен жолукту

© Фото / пресс-служба ЖК КРЗал заседаний Жогорку кенеш
Зал заседаний Жогорку кенеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Ат-Башы районунан келген мектеп окуучуларына жолугуп, балдар менен билим берүү, парламент, алардын аткарган кызматтары дагы бир топ темалар боюнча сүйлөштү. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. Төрага Жээнбеков окуучуларга ЖКнын мыйзам чыгаруу иши, мамлекеттүүлүктү бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат, Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү тууралуу учкай айтып берди. 

Кыргызстанда диний жана жаштар саясатын жөнгө салуу маселелерине токтолуп, билим берүү сапатына айрыкча көӊүл бурду. 

"Силерде тереӊ билим алууга умтулуу аракети болушу керек. Кыялдануу менен бирге, алдыӊарга белгилүү бир максат койгула", — деди окуучуларга Жээнбеков.

Мектеп окуучулары жаштарга колдоо көрсөтүү, мектептерди компьютер менен камсыз кылып, Интернетке жетимдүүлүктү жакшыртуу маселелерин айтышты. Ошондой эле, аларды "мектеп рэкети", билим берүү мекемелеринде спорт залдары менен жылытуу тутумдарынын жоктугу сындуу көйгөйлөр кабатырланта тургандыктар боюнча айтып беришти. 

Жолугушууну демилгелеп, ага катышкан депутат Алмазбек Баатырбеков да окуучулардын суроолоруна жооп берип, Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өзгөчөлүгү, Жогорку Кеӊештин өлкө турмушунда ээлеген орду жаатында пикирин айтты.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Жогорку Кеӊештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков менен Шаршенбек Абдыкеримовдун көмөгү аркылуу уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0