22:26 24 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
Московский нефтеперерабатывающий завод (НПЗ)

Диль: Токмоктогу мунай заводу убагында ишке кириши керек

© Sputnik / Михаил Воскресенский
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
24 0 0

Вице-премьер-министр Валерий Диль Токмоктогу бул ишкана курулса, Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгы камсыздала тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 25 дек — Sputnik. Токмоктогу мунай заттарын кайра иштетүүчү завод өз убагында курулуп бүтүшү керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Валерий Диль Токмок шаарында аталган ишкананын жетекчиси менен жолугушууда билдирди. 

Вице-премьер-министр бул ишкана курулса, Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгы камсыздала тургандыгын белгиледи.

"Иш башталгандан кийин завод токтоп калбашы үчүн, жетекчилик сырье менен камсыздоо жагын дагы бир ирет ойлонуп чыгышы керек. Ага катар эле май куюучу бекеттери бар компаниялар менен сүйлөшүп, аларга сатууну, ага кошумча жергиликтүү жарандарды заводдо иштегендей кылып окутуу туурасында ойлонушуңар керек" — деди Диль. 

Кеңешмеде Диль Токмоктогу бул заводдун жетекчилигине ишкананы көрсөтүлгөн мөөнөттө — 2015-жылдын I кварталында ишке киргизүү тапшырмасын берди. 

Токмоктогу мунайзаттарын кайра иштетүүчү завод жылына 500 тонна чийки нефти заттарын иштеп чыгат. Бензин жана күйүүчү май, газдын бир нече түрлөрүн жана парафин майын чыгарууну пландап жатат.

Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ