Sputnik сайты немис тилинде чыгып баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Sputnik сайтынын баракчасы
Архив: Sputnik сайтынын баракчасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik мультимедиалык тобу немис тилиндеги de.sputniknews.com аналитикалык онлайн-ресурсун жана SNA Radio радиосун ишке киргизди.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. Sputnik мультимедиалык тобу немис тилиндеги de.sputniknews.com аналитикалык онлайн-ресурсун жана SNA Radio радиосун ишке киргизди. Жаңы ЖМК Германияда болуп жаткан окуяларга альтернативдик көз карашты сунуштайт жана дүйнөдө болуп жаткан актуалдуу темаларды чагылдырат. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады. 

Sputnik Абхазия Республикасында сайтын жана радиоуктуруусун ишке киргизди
Ишке кирген маалымат ресурсу жалпы тенденция менен кете бербей, факты издеп маалымат булактарына таянган европалыктарга ылайыкташкан. Мына ушундай гана ойлорду жана окуяларды Sputnik немис тилинде Европага таратат. 

Бул маалымат булагы өз ишин мыкты билген эксперттердин пикирлерин, болгон окуяларды өзгөчөлөнгөн инфографикалар менен берүүгө жана түшүндүрмөнү талап кылбаган кызыктуу сүрөттөрү менен өз окурмандарына сунуштайт.


Жаңылыктар түрмөгү
0