Мелис Мырзакматов Интерпол аркылуу изделет

Жазылуу
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жакын арада Интерполдун каналдары аркылуу да издөөгө алынышы ыктымал.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Интерпол аркылуу издөөгө алына турганын КР Ички иштер министрлиги билдирди.

Архив: кишен - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Оштун экс-мэри Мелисбек Мырзакматов жакын арада кармалат
Маалыматка ылайык, Мырзакматов тууралуу бардык документтер Интерполго берилген жана алар документ менен таанышып чыккандан кийин эл аралык издөө жарыяланат.

Белгилей кетсек, бир катар жергиликтүү ЖМКлар Мырзакматов учурда Синьцзян-уйгур автономдуу районунда жүрөт деп жазышкан. Бирок, ИИМ бул маалымат тактала электигин, эгер такталып кала турган болсо, Мырзакматовду кыргыз тарапка өткөрүп берүү аракети көрүлөрүн билдирди. Себеби, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда издөөгө алынган кылмышкерлерди бири-бирине өткөрүп берүү боюнча макулдашуулар бар. Буга чейин да кылмышкерлерди бири-бирине өткөрүп берүү фактылары болгонун ИИМ билдирет.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 27-ноябрда издөөгө алынган. Ага карата Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү көпүрөнү курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0