Путин: экономикадагы абал 2015-жылдын башында оңоло баштайт

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүДесятая ежегодная большая пресс-конференция президента России Владимира Путина
Десятая ежегодная большая пресс-конференция президента России Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин Россиянын экономикасынын өсүшүн алдын ала божомолдоо өтө кыйын деп билдирди. Кырдаал 2015-жылдын I чейрегинде түзөлө башташы мүмкүн.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Россия экономикасында абал келерки жылдын I чейрегинен тартып эле оңоло башташы мүмкүн деп эсептейт Россиянын президенти Владимир Путин.

"Тышкы экономикалык конъюктура эң начар болгон шартта мындай абал эки жылга жакын созулушу мүмкүн деп айттым. Бирок жагдай андан эрте эле оңолушу мүмкүн. Ал келерки жылдын I, II чейректеринде, ортосунда же аягында оңоло башташы ыктымал. Муну эч ким айта албайт. Бул жерде айкын эместик факторлору абдан көп", — деди Путин чоң маалымат жыйынын жүрүшүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0