Путин онунчу жолу чоң маалымат жыйынын өткөрөт

© Sputnik / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүБольшая пресс-конференция Владимира Путина
Большая пресс-конференция Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы маалымат жыйынына аккредитацияланган россиялык жана чет элдик журналисттердин сандык катнашы жалпысынан мурдагыдай калды. Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Путин эң кычыктуу суроолорго жооп берүүгө даяр деп ишендирди.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин салтка айланган ар жылкы чоң маалымат жыйынын өткөрөт. Бул анын мамлекет башчысы катары берген онунчу маалымат жыйыны болмокчу. Пресса менен баарлашуу Эл аралык соода борборунда өтөт. Маалымат жыйыны Москва убактысы боюнча саат 12.00дө башталат деп билдирет РИА Новости.

Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, бериле турган суроолор биринчи кезекте Россиянын экономикасына жана эл аралык кырдаалга тиешелүү болот. 

"Биринчи суроолор экономика жөнүндө болору анык. Экономикадагы кырдаал, рублдун абалы, баалар, Россия жетекчилиги көргөнү жаткан чаралар. Бул ансыз деле түшүнүктүү болуп турат", — деди Песков шаршембиде "Россия 24" телеканалына берген маегинде. 

Ошондой эле, анын маалыматы боюнча, эл аралык маанидеги суроолор да талкууланат. Себеби эл аралык мамилелер системасында карым-катнаштардын өзгөрүүсү жагынан 2014-жыл бөтөнчө болду. 

Песков 2014-жылы маалымат жыйынына аккредитацияланган россиялык жана чет элдик журналисттердин сандык катнашы (бардыгы 1 миң 259 адам) жалпысынан мурдагыдай калды деп кошумчалады. Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы чет элик да, россиялык да журналисттер бериши мүмкүн болгон бардык кычыктуу суроолорго жооп берүүгө Путин даяр деп ишендирди. 

Серепчилердин күтүүлөрү

РИА Новости сурам жүргүзгөн серепчилер да россиялыктардын оюн Федералдык жыйынга жибергенден кийинки эки жумадан бери ээлеп алган суроолорго президенттин жообун күтүшүүдө.

Саясат таануучу, Гуманитардык-саясий изилдөө институтунун серепчиси Владимир Слатиновдун пикиринде пресс-конференцияда эң биринчи кезекте Россия экономикасындагы абал, каатчылыкка каршы чаралар боюнча суроо көтөрүлөт. 

"Менимче, азыр болуп жаткандарга президенттин ачык көз карашын биз көрбөй жатканsбыздын себеби – азыр өкмөт менен Борбордук банк катуу күчтөнүү менен иштеп жаткан каатчылыкка каршы чаралар тууралуу кенен жана конкреттүү план түрүндө дал ошол бейшембиде айтылганы турат", — деп эсептейт серепчи. 

"Владимир Путин өзүнүн Федералдык жыйынга жиберген катында эске салган жана валюталык рынокто абалды өтө солгундатып жиберген "журт бузарлар" ким экендигин билгим келет… Жана мамлекет мындай сыноолорго кандай жооп кайтарат… Ушул кырдаалдан пайдаланып, жыл бүтөр алдында өз бюджетинин жыртык-тешиктерин бүтөп алууга аракет жасаган деп шектелүүчү компаниялардын иш-аракеттерине Владимир Путин баа берсе", — деди Саясий маалымат борборунун башкы директору Алексей Мухин.

Анын пикири боюнча, баалардын өсүшүн кармоо жана импорттордун ордун толтурууну колдоо боюнча мамлекеттик чаралар тууралуу суроонун да мааниси чоң. 

Андан сырткары, саясат таануучулар маалымат жыйында эл аралык кырдаал, айрыкча Украинадагы абал жана Батыш менен болгон мындан аркы мамилелер да талкууланарын белгилешти. 

Маалымат жыйындар кандайча өтүп келген

Жыл сайын чоң маалымат жыйынын өткөрүп туруу салтын 2001-жылы Россиянын президенти Владимир Путин киргизген. Бул маалмыат жыйыны Путин үчүн мамлекет башчылыгында тургандагы онунчусу болот. Өткөн жылы ал 52 суроого жооп кайтарган. Өз суроолорун 42 россиялык журналист жана он чет элдик журналист берген. Беш журналдын, 15 телеканалдын, тогуз агенттиктин, 18 гезиттин, бир радионун жана беш интернет-ЖМКнын кабарчылары өз суроолорун берүүгө жетишкен. 

Анда эл аралык суроолордун басымдуу бөлүгүн Украина темасы жана Киевдин борборунда улантылып жаткан евроинтеграциянын жактоочуларынын митингдери ээлеген. Мамлекет башчысы Россиянын "Искандер" ракеталык комплекстеринин чек арада жайгаштырылуусуна байланышкан суроолорго да жооп берип, АКШнын Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү пландары боюнча өз пикирин билдирген. Андан сырткары, Путин Грузия үчүн визаны алып салуу жөнүндө ойлонууну убада кылган жана Россия куралдуу күчтөрүн Крымга алып киргени жатат деген айың кептерди четке каккан. Пресса менен баарлашуу 4 саат 5 мүнөт жүргөн. 

Узактыгы боюнча 2008-жылдагы чоң маалымат жыйыны алдыда турат. Анда Путин 4 саат 40 мүнөттө 106 суроого жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0