Полиция офицери Аризона штатында афроамерикалыкты атып алды

© Фото / Amir AzizАрхив: АКШдагы башаламандык
Архив: АКШдагы башаламандык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция офицери колун чөнтөгүнө салайын деп камынган эркекти көкүрөккө эки ирет аткан, деп билдирет "Франс Пресс" агенттиги. Офицери аны чөнтөгүнөн курал алып чыгат деп ойлогон, бирок, чөнтөктөрүндө дары-дармектери гана болгон. Ок чыгарар алдында полиция аны дүкөндүн жанында баңгизат сатып жатат деп шек санап, экөөнүн ортосунда мушташ чыккан.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Ак терилүү полиция офицери америкалык Аризона штатында жаңылыштык менен 34 жаштагы афроамерикалыкты атып алган, деп билдирет РИА Новости.

Полиция офицери колун чөнтөгүнө салайын деп камынган эркектин көкүрөгүнө эки ирет ок чыгарган, деп билдирет "Франс Пресс" агенттиги. Полиция офицери аны чөнтөгүнөн курал алып чыгат деп ойлогон, бирок, чөнтөктө дары-дармектери гана бар экен. Ок атуунун алдында полиция офицери ал адамдан дүкөндүн жанында баңгизат сатып жатат деп шек санап, экөөнүн ортосунда мушташ чыккан. 

Обама адам өлтүргөн полициянын акталышын прокурор менен талкуулады
АКШнын көптөгөн штаттарында акыркы эки жума бою нааразычылык акциялары токтобой келет. Кээде алар баш-аламандыкка айланып кеткен учурлар да бар. Нааразычылыктар Фергюсон шаарында (Миссури штаты) сот арачылары август айында афроамерикалык өспүрүм Майкл Браунду атып салган ак терилүү полицейский Даррен Уилсонду актап жибергенден кийин күч алган. Бул жумада ушундай эле чечим Нью-Йорктун округдук сот арачылары тарабынан да кабыл алынган. Алар тамекини мыйзамсыз сатууда деп шектелген афроамерикалык Эрик Гарнерди муунтуп койгон полицейский Дэниэл Панталеону жоопко тартуудан баш тартышкан. Бул чечим Нью-Йоркто масштабдуу нааразычылык акцияларынын өтүшүнө алып келген. 

Ошондой эле Кливлендде колундагы оюнчук тапанчаны чыныгы курал деп ойлогон полицейскийлердин огунан каза тапкан 12 жашар баланын окуясы да кеңири коомдук резонанс жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0