Билим министрлиги БП козгогон кылмыш ишин комментарийледи

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАрхив: студенттер
Архив: студенттер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Билим берүү жана илим министрлиги КРСУга абитуриенттердин кабыл алынышы боюнча Башкы прокуратура козгогон ишке жооп иретинде билдирүү таратты.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин Башкы прокуратура козгогон ишке жооп иретинде берген билдирүүсүндө гранттарды ыйгаруу боюнча Мамлекеттик комиссия КРСУга абитуриенттерди кабыл алуу боюнча эч бир чечим кабыл албагандыгы айтылган деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Депутат Каныбек Осмоналиевге эки берене боюнча кылмыш иши козголду - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура ЖК депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгоду
Министрликте 2013-жылдын 30-августунда Мамлекеттик грант берүү комиссиясынын отуруму болуп, күн тартибинде Билим, илим жана спорт боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин кайрылуусу каралган деп билдиришти.

Басма сөз кызматында Мамлекеттик грант берүү комиссиясы КРСУга абитуриенттерди кабыл алуу боюнча эч бир чечим кабыл алган эмес деп ырасташат. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Осмоналиевдин кайрылуу каттарын тийиштүү окуу жайынын кабыл алуу комиссиясынын кароосуна жиберилсин деп чечилген. Комиссия мүчөлөрүнө ЖРТнын жыйынтыктарына талдоо жүргүзүп, абитуриенттердин социалдык абалын ырастоочу документтерин топтоо жана алардын негизинде окууга кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылган болчу.

"КР Билим берүү жана илим министрлигине мезгил-мезгили менен жарандардан да, депутаттардан да каттар, кайрылуулар келип турат. Аталган кайрылууну окуу жайынын өзүнүн карап-текшерүүсүнө жиберүү чечими туура болгон деп эсептейбиз. Элдик депутаттын кайрылуусунда абитуриенттер аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана майыптар деп айтылган. Алардын мындай социалдык макамынын аныктыгын окуу жайынын кабыл алуу комиссиясы текшериши керек эле", — деп чечмелеп беришти ведомстводо. 

КРСУнун өкүлдөрү 4-декабрда басма сөз жыйынын өткөрүп, аталган маселе боюнча өз пикирлерин билдиришмекчи. 

27-ноябрда Башкы прокуратура Кыргыз-Россиялык Славян университетине абитуриенттерди кабыл алуу боюнча кылмыш ишинин алкагында билдирүү таратып, анда өлкөнүн премьер-министрине Канат Садыков менен Владимир Нифадьевдин ээлеген кызматына шайкештигин кароону сунуштаган

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, өткөн жылдын 20-сентябрында КРСУнун ректору Владимир Нифадьев 24 абитуриентти аталган окуу жайынын медициналык факультетине контракттык негизде окууга кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарган. Бул чечимди ал Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун 2013-жылдын 3-сентябрындагы буйругунун жана ошол эле окуу жайынын кабыл алуу комиссиясынын чечиминин негизинде кабыл алган. 

Парламенттин депутатынын да бул ишке тиешеси бар делинүүдө. Башкы прокуратура 25-ноябрда аталган тергөөнүн алкагында депутат Каныбек Осмоналиевдин үстүнөн КР КЖКнын "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" 304-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Парламентарий абитуриенттерди Кыргыз-Россиялык Славян университетине киргизгендиги үчүн пара алган деп айыпталууда. Осмоналиев Жогорку Кеңештин Билим, илим жана спорт боюнча комитетин жетектейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0