Рублдин кунунун түшүшү эмгек мигранттарына кыйынчылык жаратты

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАрхив: акция «Молодой Гвардии Единой России» «Наши деньги — нашим людям!»
Архив: акция «Молодой Гвардии Единой России» «Наши деньги — нашим людям!» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рублдин долларга болгон катышы төмөндөгөн сайын ал жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттарына бир топ оңтойсуздуктар жаралууда.

Расмий маалыматтарда чет жакта 700 миңден ашык кыргызстандык иштейт
БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Рублдин долларга карата куну түшкөн сайын, Россияда эмгектенген мигранттар мекенине азыраак акча салышууда. Мындай пикирин Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык Эрмек Түлөбердиев биздин кабарчыга билдирди. Ал ошондой эле рублдин курсунун төмөндөшү жергиликтүү тургундарга анчейин деле таасир бербегенин айтып, ал жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттарына бир топ кыйынчылыктарды алып келгенин кошумчалады.

"Россиянын жарандарына доллардын көтөрүлүп атканы анчейин деле билинген жок. Себеби, бул жакта бардыгы рубль менен соода кылышат. Ал эми мигранттар доллардын курсунун жогорулаганынан кыйналып эле жатат. Бул жактан айлыкты рубль менен алып, аны долларга алмаштырганда айырмасы чоң болууда. Кыргызстандык мигранттардын көбү Кыргызстандан машина, үйлөрдү доллар менен алышып, аны бул жактан төлөп жатышкан да. 5 жыл мурун 30 миң рубль алса, бир топко жетчү. Ал убактагы доллардын курсу менен миң доллардан ашчу, азыркы курс менен ал 600 доллардын тегерегиндеги акча болуп калат. Убагында 2 миң долларды кыйналбай эле төлөп атышкан болсо, азыр бул бир топ эле оор болуп калды", — деди ал.

Мындан тышкары, Түлөбердиев Россияда дагы товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы акырындык менен көтөрүлүп жатканын белгиледи.


Жаңылыктар түрмөгү
0