05:16 25 Бугу 2017
Түз эфир
Предполетная подготовка самолета в аэропорту Манас

Лаврова учак менен жүрүүгө 630 миң сом короткон

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
16 0 0

Финансы министрлигин текшерген Эсеп палатасы аталган министрликтин жетекчиси ары-бери учканда каражатты ысырапкорлук менен пайдаланган деп билдирди.

БИШКЕК, 3 дек — Sputnik. Эсеп палатасы 2013-жылдагы Финансы министрлигин жана ага караган бөлүмдөрдүн эсеп-кысабын текшерип, анда атайын эсептин акчасын жана башка каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузган деп билдирди. Бул туурасында аталган мамлекеттик органдын расмий сайтында маалымат жайгаштырылган. 

Эсеп палатасынын билдиргенине караганда, Ольга Лаврованын 2013-жылдагы алты командировкасы боюнча аванстык отчетторду текшере келгенде жалпы сумма 630 200 сомду түзгөн.

"Муну менен катар эле аба каттамдарында аны коштоп жүргөндөрдүн командировка кагазындагы суммасы 233 600 сомду чапчыган, тактап айтканда, жетекчисине салыштырганда 396 600 сомго аз болгон. Авиабилеттердин баасындагы айырмачылык министрдин бизнес-класс, ал эми кызматкерлеринин эконом-класс үлүгүсү менен учкандыгында", — деп билдирди Эсеп палатасы.

Аталган орган бюджеттик каражаттын 396 600 сому туура эмес, ысырапчылык менен пайдаланылган деп билдирүү жасады.

Белгилер:
Эсеп палатасы, Финансы министрлиги, Ольга Лаврова

ЭҢ МААНИЛҮҮ

  • Дарыканада кезекте турган адамдар. Архив

    Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 миңге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек. А бирок, ооруканаларга баш баккандардан акча өндүрүүгө министр тыюу салган. Биздин колумнист жана кабарчыбыз Максат Элебесов бул көрүнүшкө көз жуумп кое албастан, иликтеп чыккан.

    526
  • Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиев НТС каналынын Кайгуул ТВ программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеевден интервью алды.

    Биз окурмандарга башкача өңүттөгү маектерди тартуулоого ниеттендик. Бул рубрикабызда интервьюну журналисттер эмес, алардан саясатчылар алат. Төмөндө Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиевге НТС каналынын "Кайгуул ТВ" программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеев интервью берди.

    1522
  • Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева

    Кырсык менен оору айтпай келет. Өлүм алдында жаткан адамга жардам берүүнүн жолу ар түрдүү. Маселен, сенин тамырыңда айланып жаткан кан башка бирөөнүн жүрөгүнө жетиши мүмкүн. Донорлуктун жол-жобосу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

    276