Sputnik кабарларды эми кытай тилинде берип баштады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАрхив: Sputnik сайтынын бет ачаары
Архив: Sputnik сайтынын бет ачаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык продукциянын аудиториясы – негизинен жергиликтүү жана кытай тилинде маалымат тараткан дүйнөлүк ЖМКлар, бизнес өкүлдөрү, дипломатиялык корпус, илимий-изилдөө институттары менен коммерциялык эмес уюмдар.

"Россия сегодня" мультимедиалык Sputnik брендинин бет ачарын жасады
БИШКЕК, 1-дек — Sputnik. Дүйшөмбүдөн баштап, Sputnik мультимедиалык группасы Sputnik Chinese News Service маалыматтык лентасын ишке киргизди. Жаңылыктар негизинен Москва менен Пекинден жазылат. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Sputnik Chinese News Service лентасы кытай тилиндеги жаңылыктарды күнү-түнү чыгарып турат. 2015-жылдан баштап күн сайын 100дөн ашык жаңылык чыгаруу пландалууда. Долбоордун курамы жогорку квалификациялуу журналисттер, кытай таануучулар. 

Sputnik Chinese News Service өз материалдарын кытайлык аудиториянын өзгөчөлүгүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен чыгат.

"Россия менен Кытайдын стратегиялык өнөктөш катары активдүү өнүгүп жаткан шартында бул кызмат эки мамлекеттин медиа тармагында, мамлекеттик жана ишкердик чөйрөсүндө өтө маанилүү", — деди "Россия сегодня" Эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары Сергей Кочетков.

Маалыматтын өзөгүн Россия менен Кытайдын тышкы саясатынын темалары, дүйнөлүк аренада эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгы, экономикалык жактан эки тараптуу кызматташуу түзөт. Ошондой эле, өнөр-жай жаатында, отун-энергетикалык комплекс, курулуш, соода-сатык, космос, аскердик-техникалык байланыштар жана заманбап технологиялар тармагы да негизги темалардан болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0