ЖК комитети букмекердик жайлардын ишине тыюу салууну колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: букмекерлик жайдын жарнагы
Архив: букмекерлик жайдын жарнагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер боюнча комитети букмекердик жайлардын ишине тыюу салууну демилгелеген мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөттү.

БИШКЕК, 1 дек — Sputnik. Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер боюнча комитети букмекердик жайлардын жана тотализаторлордун ишине тыюу салууну демилгелеген мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөттү. Бул туурасында ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Комитеттин жыйынында депутат Мирлан Бакиров учурда республикада 107 букмекердик жайлар бар экендигин, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алган так мыйзамдын жоктугунан көз жаздымда калып жаткандыгын айтты. 

"Эң башкысы, биздин жаштар жеңил жашоонун артынан түшүп, өзүнүн тагдырына өздөрү балта чаап жатышат. Букмекердик жайлардан акчасын уттуруп, андан улам жанын кыйган учурлар кездешип жатканы баарыңыздарга маалым",— деди Мирлан Бакиров.

Парламентарий салыкчыларга тотализаторлордун ишин көзөмөлдөө бир топ кыйынчылыктарга тургандыгын, алардын канча акча таап жаткандыгы туурасында маалыматтар жоктугун айтты. 

Аталган комитеттин жетекчиси Токтогул Туманов бул демилгени колдоорун билдирди. Парламентарий букмекердик жайлар менен тотализаторлордун ээлери кумар оюндарына тыюу салынганына карабай, ишин компьютердик технологияларга салып алып, иштетип жаткандыгын айтты.

Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырып, парламенттин кароосуна жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0