Премьер-министр Оторбаев Уфага иш сапары менен барат

Жазылуу
Жоомарт Оторбаев Россияга болгон сапарынын алкагында Башкырстанга да барып, эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулайт.

БИШКЕК, 1-дек – Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев  Россияга болгон сапарынын алкагында Башкырстанга да барат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат менен камсыз кылуу бөлүмү билдирди.

Дмитрий Медведев 1-декабрда Жоомарт Оторбаев менен жолугат
Өкмөт башчы иш-сапардын алкагында Башкыр Республикасынын президенти Рустэм Хамитов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулайт. Андан сырткары кызматташуу боюнча талкуу бизнес өкүлдөрү, окумуштуулар менен да болуп, ишкердик жана гуманитардык багыттагы ала-катнаш туурасында сүйлөшүү жүрөт. 

Буга чейин Уфа Бишкек менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий жаатта кызматташууга кызыкдар болуп келген.

Кыргызстан менен Башкырстандын евразиялык мейкиндиктеги келечектүү кызматташуусу туурасында буга чейинки эки тараптык жолугушууларда да айтылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0