Бишкекте сот системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү талкууланууда

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүАрхив: Статуя древнегреческой богини правосудия Фемиды
Архив: Статуя древнегреческой богини правосудия Фемиды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте тегерек стол өтүп, анда соттордун адилеттиги, сот системасындагы коррупция менен күрөшүү жана аны кантип майнаптуу жүргүзүү маселеси талкууга алынууда.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Бишкекте «Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тармагында коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча чаралар» деп аталган кереге кеңеш өтүп жатат. Анда коррупция менен күрөшүү жана аны кантип майнаптуу жүргүзүү темасы талкууга алынууда. Бул туурасында Жогору Соттун басма сөз кызматы билдирди.

"Баарынан кооптуусу — тартип коргоо жана сот органдарынын коррупцияга аралашып кетиши, мындай жагдайда коррупция мыйзамга шек келтирип тим болбостон, анын жазасыз калышына, гүлдөп өсүшүнө, сот чечимдеринин адилетсиз чыгышына шарт түзүлөт. Бул көрүнүш коррупцияны өлкөдө жок кылабыз деген аракеттин баарын жокко чыгарат. Ошон үчүн аталган көрүнүш менен күрөшүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири", — деди өз баяндамасында кереге кеңешине катышып жаткан Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашова.

Акыркы убактарда аталган тармакты реформалоонун алкагында эл аралык уюмдар менен бир топ иштер жасалып жаткандыгын байкоого болот. Жогорку Соттун төрайымы реформалоо туурасында иштер жүрүп жаткандыгын айтты.

"Элдин маалымдуулугун арттырып жана соттордун өкүм чыгарууда процессуалдык, этикалык тартибин жакшыртуу менен сот системасын, алардын ишин ачык кылуу аракеттери жасалууда", — деди Жамашова.

Кереге кеңешке ЖК депутаттары, президенттик жана өкмөттүк аппараттын, прокуратура, министрликтердин, мамлекеттик эмес уюмдардын, эл аралык долбоорлордун өкүлдөрү жана КР сотторунун төрагалары катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0