ЖМК: ЕККУ 1975-жылдагы Хельсинки келишимин кайра кароого даярданууда

© Фото / Axel BrunsАрхив: флаги на фасаде офиса ОБСЕ
Архив: флаги на фасаде офиса ОБСЕ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хельсинки келишими Экинчи дүйнөлүк согуштун саясий жана аймактык жыйынтыктарын чыгарып, мамлекеттер ортосундагы өз ара мамиле түзүү принциптерин бекиткен.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык Уюму (ЕККУ) 1975-жылдагы Хельсинки конференциясы сыяктуу иш-чара өткөрүү зарылчылыгын талкууга киришти деп билдирет РИА Новости "Известия" гезитине таянуу менен.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык Уюмунун Кеңешмесинин жыйынтыктоочу актына 33 Европа өлкөлөрүнүн, АКШнын жана Канаданын жетекчилери 1975-жылдын 1-августунда Хельсинкиде кол коюшкан. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун саясий жана аймактык жыйынтыктарын чыгарып, мамлекеттер ортосундагы өз ара мамилеринин көз карандысыз теңдештик, эгемендүүлүккө мүнөздүү укуктарды сыйлоо", күч колдонбоо жана күч колдонуу коркунучун билдирбөө; чек аралардын бузулбастыгы ж.б. сыяктуу 10 принцибин бекиткен.

Басылманын маалыматы боюнча, ЕККУда 1975-жылдагы Хельсинки конференциясы сыяктуу иш-чара өткөрүү зарылчылыгы боюнча талкуу башталды. Аталган конференция кезегинде кансыз согушту токтотуп, СССРдин, АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди кайра калыбына келтирген. Россиялык дипломаттар түшүндүргөндөй, документтин долбоору түзүлгөн, ал эми анын идеясы декабрдын биринчи күндөрү ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Базелде болчу Кеңешмесинде жарыяланат. 

"4-5-декабрда тышкы иштер министрлеринин Базелде Кеңешмеси өтөт. Ал жерде ушул идея (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашууга кол коюу) конкреттүү түргө келет. Ал азыр ЕККУнун алкагында каралып жатат", — деп айтты "Известияга" РФтин Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлү Владимир Чижов. 

Ал мындай — "Хельсинки + 40" — макулдашуусунун концепцияларынын долбоору бар экендигин белгилеп, ЕККУда Россияга тилектеш өлкөнүн төрагалыгы астында кабыл алынышы мүмкүн экендигинин четин чыгаргандай болду. 

"Хельсинки + 40" декларациясынын долбооруна 2013-жылы Киев шаарында ОБСЕге мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде РФтин тышкы иштер министрлери тарабынан кол коюлган. Анын максаттары – эл аралык аянтчанын натыйжалуулугун жана бардык мүчө өлкөлөрдүн ага ишенимин жогорулатуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0