Кыргызстан туризм тармагы боюнча Эл аралык сыйлыктын ээси болду

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүАрхив: Ысык-Көл
Архив: Ысык-Көл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече өлкөлөрдүн тандоого коюлган варианттарынын ичинен Кыргызстан 80% добушка ээ болуп, "Ден соолукту чыңдоочу эс алуу" наамын жеңип алды.

БИШКЕК, 21-ноя — Sputnik. Эл аралык деңгээлдеги National Geographic Traveler журналы жарыялаган эл аралык конкурстун "Ден соолукту чыңдоочу эс алуу" наамында Израиль менен Вьетнамдан озуп, Кыргызстан алдыңкы болуп таанылганын КРдин Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди. 

20-ноябрда "Лотте Отель Москва" мейманканасында саякаттар тууралуу жазган эң атактуу журналдардын бири National GeographicTraveler негиздеген ар жылкы сыйлык тапшыруу салтанаты болду.

Журнал бул сынакты төртүнчү жыл катары менен өткөрүп жатат. Туризм тармагындагы кесипкөйлөрдүн арасында сурамжылоо болот. Бул сапар 16 көрсөткүч боюнча талапкерлердин тизмесин сунушталып, маалыматтар басылманын сайтында жайгаштырылып, ал жерде окурмандар мыкты деп эсептегендерине баа беришкен. Сайтта добуш берүүгө 230 миңден ашык адам катышкан. Сунушталган 80 өлкөнүн, 20 россиялык туристтик багыттын, 18 авиакомпаниянын, 18 тармактык мейманкананын, 75 саякат булактарынын жана 17 саякат компаниянын ичинен эң жакшыларын тандоо керек болчу. 

Салтанаттын алып баруучусу, Россиянын белгилүү журналисти жана саякатчы, "Моя планета" телеканалынын алып баруучусу Марк Подрабинек, жеңүүчүлөрдүн ана башында турган биздин өлкөнү атады. 

"Ден соолукту чыңоочу эс алуу " наамында биз абдан сүйгөн, мурдагы бир тууган Кыргыз Республикасы жеңип алды! Ал үчүн добуш берүүчүлөрдүн 80%ы өз добуштарын беришкен", — деди ал.

Отургандарга кайрылып, КРдин РФтеги элчиси Болот Жунусов россиялыктардын – туризмди жакшы түшүнүүчүлөрдүн – Кыргызстанга берген баасынын маанилүү экендигин белгиледи. Ошону менен бирге дипломат совет мезгилинде космонавттар өз ден соолуктарын кыргыз бермети Ысык-Көлдө чыңдап келгендигин кошумчалады. 

"Журналга, окурмандарга, добуш бергендерге рахмат! Биздин өлкө чындыгында эле абдан кооз, эли меймандос келет. Кыргызстан тууралуу айтса, сөз көп. Бирок өзүңүздөр келип көргөнүңөр жакшы. Кош келиңиздер!" — деди Жунусов

"Суу жээгинде эс алуу" наамында Греция, "Экскурсиялык эс алуу" наамында Италия жеңип чыкты. "Дүйнөнүн эң мыкты аэропорту" наамын Дубайдын эл аралык аэропорту алды. Тоолуу Алтай "Россия туризми" наамында жеңүүчү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0