Эратов: диний багыттагы айрым аракеттер боюнча мыйзам муктаждыгы бар

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: Бишкектеги Айт намазы
Архив: Бишкектеги Айт намазы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда мамлекеттин алдында салттуу динди кенен жайылтып, ал эми терс таасири бар агымдардан коомчулукту тазалоо милдети турат.

БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. Апта башында Коргоо Кеңешинде өлкөдөгү диний чөйрөдөгү кырдаал каралды. Анда мамлекет башчысы Алмаз Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү коомчулукта бир топ жандуу талкууну жаратты.

Мамлекет жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу болгондуктан, мыйзам бузуулар катталган учурларда катуу жана ыкчам чараларды көрүүгө укуктуу экендигине, маселе улуттук коопсуздук маселесине келип такалып жаткандыктан, мамлекет жөнгө салуу иштери күчөтөөрүн айткан эле.

Талкууга алынган жагдай түздөн-түз Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынына да тиешелүү болгондуктан, муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратовдун бул жааттагы пикирин сурадык. 

"Замандын талабына ылайык, диний багыттагы айрым аракеттер боюнча мыйзамдын муктаждыгы сезилет экен. Президентибиз Коргоо кеңешинин жыйынында дин тармагындагы айрым маселелерге токтолуп, мындан аркы багыттын принциптерин белгилеп берди.

Диний радикализмдин алдын-алууда ар бири жаран кайдыгер карабай салымын кошуш керек. Ааламдашуу жүрүп аткан учурда Сирия, Ливанда болуп аткандай чыр-чатак чыгып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жаштардын Сирия өңдүү мамлекеттерге согушкер катары кетип атканы маалым. Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын-алуу боюнча муфтият жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бишкек, Ош шаарларында атайын жаштар үчүн семинарлар уюштурулууда. Андан сырткары кыз-келиндер арасында да түшүндүрүү иштери жүргүлүзүүдө. Бул багытта 9 казыят жигердүү иштеп жатат", — деди Равшан ажы Эратов. 

Мындан сырткары коомчулукта дин адамдарынын сырты көрүнүшүнө, т.а. кийген кийимдерине, сырткы келбеттерине жана даватчылык жасоо ыкмаларына да тескери пикирлер арбын айтылып келет. Коргоо кеңешинин жыйынында да бул жаатта мамлекет башчысы өзүнүн кескин пикирин билдиргени бар.

"Акыркы учурда кайсыл бир улуттун кийинүү өзгөчөлүктөрүн туурагандар да бар. Дин тутунуу эркиндиги элдин кийинүү эриндигин чектебеш керек. Улуттун жүзү анын кийимдеринде, салт-санаасында. Муфтият акыркы учурда даваатчылардын кийимдери боюнча жайкы, кышкы деп бир катар үлгүлөрдү сунуштады. Бул үлгүлөргө кыргыздын улуттук оюм-чийимдери түшүрүлдү. Буюрса бул кийимди жер-жерлердеги казыяттарга сунуштадык. Эгер демөөрчүлөр чыкса бул кийимдерди кеңири жайылтабыз", — деди Равшан ажы Эратов.

Жаңылыктар түрмөгү
0