Бишкекте бусик койдуруп кеткен киши каза тапты. Видео

Жазылуу
Видеону Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман салган.

Автор жиберген маалыматында трагедия 13-апрелде болжол менен саат 18:00 чамасында Садырбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун айтты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан Mercedes-Benz Sprinter жолдон өтүп бара жаткан 40 жаштагы кишини коюп кетип, ал каза тапканын айтышты. Айдоочу качып кеткен эмес. Кырсык боюнча тиешелүү экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0