13:31 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
504 0 0

Адис Россияда мигранттарга насыя берүүнүн тобокелдиктерин санап, бирок пандемиядан кийин Россияга чет элдиктерди тартуу үчүн пайдасы тийиши мүмкүн экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын акча которуу системалары 11-октябрдан тарта эмгек мигранттарына чакан насыя бере баштады. Мындан улам Электрондук акча жана акча которуулар рыногунун мүчөлөрүнүн ассоциациясынын башчысы Павел Шуст мигранттарга кредит берүүнүн тобокелдиктерин жана пайдасын санап өттү.

РИА Новости агенттигинин адистин пикирине таянып жазганына караганда, мигранттарга кредит берген банктарды бир катар тоскоолдуктар күтүп турат.

"Мигранттар банктар үчүн кызыгуу жараткан кардар болушу мүмкүн. Бирок аларга акча берүүдө бир катар тоскоолдуктар болушу ыктымал. Биринчиден, Россиянын кредиттер боюнча маалымат базасында алардын "насыя тарыхы" жок. Экинчиден, чет элдиктер өлкөдөн чыгып кеткен учурда акчаны кантип кайтарып алса болору белгисиз", — деди Шуст.

Ошондой эле адис чет элдиктер Россиянын жарандарынан айырмаланып насыя алууда аралыктан туруп банктын кызматын пайдалана албагандыктан, өздөрү банкка келиши керектигин эске салды. Мындай учурда убаракерчиликтен качкан кардар келбей деле коюшу мүмкүн экени айтылды.

Мындан тышкары, адис мигрантка карызга берилген акчаны көйгөйсүз кайтарып алуу үчүн коңшу өлкөлөрдүн финансылык уюмдары менен келишим түзүп, алар аркылуу иштөө туура болорун айтты.

Сөзүнүн аягында финансист бул идеянын татаал экенине карабай, пандемиядан кийин Россияга мигранттарды тартуу үчүн пайдасы тийиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Буга чейин саамалык 11-октябрдан тарта "Золотая корона" төлөм системасы аркылуу ишке ашары айтылган. Насыяны "Страна экспресс" компаниясы берет. Баштапкы этапта мигранттар үйүнө акча которуу үчүн 5-15 миң рублдин тегерегинде каражат ала алышат. 21 күндүн ичинде пайыз алынбайт, андан соң күнүнө 1 пайыздык коюм болот.

Тема боюнча

ИИМ Россияда спорт менен машыккан мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү
"Россиядагы кыргыздар": Москвада мигранттар үчүн жаңы портал ачылат
Белгилер:
Россия, Мигрант, насыя, банк, Акча которуулар

ЭҢ МААНИЛҮҮ