Россия ИИМи: мигранттар арасында кылмыштар өсүп жатат

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүПолиция кызматкерлери метродо. Архив
Полиция кызматкерлери метродо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Россиядагы мигранттар арасындагы кылмыштардын басымдуу бөлүгү КМШдан келген жарандарга туура келери айтылат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Быйылкы жылдын сегиз ай ичинде Россияда мигранттар арасындагы кылмыштын саны алты пайызга өстү. Бул тууралуу ведомствонун расмий сайтында жарыяланды. https://xn--b1aew.xn--p1ai/reports/item/26023627/

Мигранттар арасындагы кылмыштардын басымдуу бөлүгү КМШдан келген жарандарга туура келери айтылды.

"Быйыл чет элдик жана жарандыгы жок адамдар тарабынан 24,7 миң кылмыш жасалган. Бул былтыркы жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 5,9 пайызга көп. КМШдан келген жарандар 19,2 миң мыйзам бузууга барган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Россияда маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар колдонулган кылмыштар өсүп жатканы айтылды.

Буга чейин Россия ИИМи мыйзам бузган мигранттар менен иштөө керектигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0