30-сентябрга чейин жетишип калгыла. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарга кайрылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРоссиядагы мигранттар. Архив
Россиядагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Элчилик Россияда жүргөн кыргызстандыктардан 30-сентябрга чейин РФтин аймагында болууну мыйзамдаштырууну жана бардык зарыл болгон жол-жоболорду аткарууну дагы бир жолу суранган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарга пандемияга байланыштуу берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу алар РФ аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырып алуу керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлады.

"Элчилик 2021-жылдын 30-сентябрында Россиянын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга "миграциялык жеңилдиктер" жөнүндөгү мөөнөттөр аяктаарын эскертет. Мындан сырткары, 30-сентябрдан тартып Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдары РФтин аймагында каттоонун жоктугунун себептерин түшүндүрүү менен мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын арыздарын кабыл алууну токтотот. Андыктан Министрлик КРдин жарандарынан 2021-жылдын 30-сентябрына чейин РФтин аймагында болууну мыйзамдаштырууну жана бардык зарыл болгон жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткарууну дагы бир жолу суранат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен бирге элчилик төмөнкүлөрдү эскерткен:

  • 2021-жылдын 30-сентябрына чейин, мурда башка бир максат менен келген КРдин жарандары арызда Россия аймагында жүрүүсүнүн жаңы/чыныгы максатын көрсөтө алат;
  • КР жарандары миграциялык каттоого кайрылууда жумуш берүүчү менен расмий эмгек келишимин түзүүсү керек. Жок болсо, полиция административдик айып салуу түрүндө чараларды колдонот;
  • Чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде администрациялык укук бузуулары бар КР жарандары талап кылынган айыптарды төлөөгө милдеттүү;
  • Буга чейин экиден ашык административдик укук бузуулар катталган, ошондой эле окуудан чыгаруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган адамдар 2021-жылдын 30-сентябрына чейин өз ыктыяры менен Россиядан чыгып кетиши керек;
  • 2020-жылдын 15-мартына чейин кеткен жана Россиянын аймагында болбогон чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде убактылуу жашап турууга (РВП) же жашоого уруксаты бар (ВНЖ) КР жарандары, 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, бул өлкөдө болуу мөөнөтүн узарта алышат;

2021-жылдын 30-сентябрына чейин чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде КРдин жарандарына карата бир нече чечимдер кабыл алынбасын эскерткен, мунун эң башында Россиядан административдик түрдө чыгаруу жөнүндөгү документ турат. Андан сырткары РФтин аймагынан депортациялоо жана кирүүгө тыюу салууга, РФте убактылуу болуусун кыскартууга болбойт.

Элчилик жогоруда көрсөтүлгөн чараларды колдонбоо төмөндөгү категориядагы чет элдиктерге жана жарандыгы жок адамдарга карата жайылтылбай тургандыгын айткан:

  • эркинен ажыратуу мекемелеринен бошотулуп жаткандарга;
  • РФтин мамлекеттик чек ара мыйзамдарын бузгандарга;
  • РФтин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткандарга: Россиянын конституциялык түзүлүш негиздерин күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттерди жактагандарга, террордук (экстремисттик) актыларды жасоого көмөктөшкөндөргө, аларды жасагандарга, ошого тете террордук (экстремисттик) ишмердүүлүктү башка аракеттер аркылуу колдогондорго;
  • коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка кол салгандарга, анын ичинде санкцияланбаган (бийлик органдарынын уруксатысыз) жыйналыш, митинг, демонстрация, жөө жүрүш же пикетке чыккандарга.
Жаңылыктар түрмөгү
0