Москвада балалуу болгон мигранттарга 20 миң рублден төлөнөт. Түшүндүрмө

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүБала көтөрүп турган аял. Архив
Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Москва шаарынын мэриясы акчалай сыйлык берүү чечимин пандемия алдында, тагыраагы, 2020-жылдын 18-февралында кабыл алган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Эмгек мигранттарынын Москва шаарынын төрөт үйлөрүндө жарыкка келген ар бир баласы үчүн калаа жетекчилиги 20 миң рублден төлөп берүүдө. Маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен тастыкташты.

"Россияда иштеп жүргөн чет элдиктер балалуу болсо шаар бийлиги 20 миң рублден берет. Мигранттар акчалай сыйлык же шаар жетекиси Сергей Собянинден белек алса болот. Белектин ичинде ымыркайга керектүү буюм-тайымдар бар", — дешти элчиликтен.

Москвадагы метродо киши смартфон менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Россияда мигранттар үчүн мобилдик тиркеме 2022-жылы ишке кириши ыктымал
Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Москва шаарынын мэриясы мындай чечимди пандемия алдында, тагыраагы, 2020-жылдын 18-февралында кабыл алган. Документте Москва шаарында туулган ар бир ымыркай үчүн ата-эне белек катары берилчү корзинанын ордуна 20 миң рубль алса болору жазылган.

Москва шаарында төрөлгөн балага шаар жетекчилигинен кантип белек алса болорун мэриянын расмий сайтынан тактап алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0