РФтеги элчилик кыргыздардын массалык депортациясы тууралуу маалыматты төгүндөдү

© Фото / пресс-служба МИД КРПосольства Кыргызстана в разных странах
Посольства Кыргызстана в разных странах  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Кыргызстан жарандары өлкөдөн массалык түрдө чыгарылып жатат деген маалыматты четке кагып, абалды түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун кыргызстандыктардын Россиядан массалык түрдө депортация кылынып жатат деген билдирүүсүн төгүндөдү.

"Россиянын аймагында камактан бошотулган, ошондой эле алардын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүк адамдарды кошпогондо, Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө депортациялоо фактысы катталган эмес. Ал эми 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик быйылкы жылдын июль айында Россиянын бардык региондорунан канча кыргызстандык чыгарылганы тууралуу маалымат берди.

"Ар кандай себептер менен Кыргызстандын 18 жараны чыгарылган. Ушул тапта Москва облусунун Сахарово айылындагы Чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоочу борбордо тогуз жаран кармалып турат. Алардын бешөө РФтин  мыйзамдарына ылайык 25-июлда, калгандары август айынын башында жөнөтүлөт", — дешти элчиликтен.

РФ мусулмандарынын диний бирикмесинин башчысы Альбир Крганов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Көйгөй бар экенин билебиз. РФ муфтийи Москвада мушташкандарга кайрылды
Ошону менен бирге дипломатиялык өкүлчүлүк 12-июлдагы "Кузьминки" метросунда болгон окуя боюнча маалымат берди. Учурда административдик жаза боюнча камакка алынган кишилерди кармоочу жайда Кыргызстандын 65 жараны бар.

Элчиликтен түшүндүргөндөй, Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон. Сот 102 материалды карап, 15 күнгө камаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0