ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн Россияга кирүү эрежеси өзгөрдү

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүПроверка наличия ПЦР-тестов или вакцинации у туристов в Краснодарском крае
Проверка наличия ПЦР-тестов или вакцинации у туристов в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Жазылуу
7-июлда Россиянын башкы санитардык дарыгеринин токтому күчүнө кирген. Анда аталган мамлекетке кирүү үчүн бир катар эрежелер жаңыланган.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Россияга кирүү эрежеси өзгөргөнүн билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 7-июлда, Россиянын башкы санитардык дарыгеринин токтому күчүнө кирген. Анда аталган мамлекетке кирүү үчүн бир катар эрежелер жаңыланган.
"10-июлдан тарта Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары Россияга кирерде "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемеси аркылуу ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Тесттин жыйынтыгы 72 саатка чейин жарактуу", — деп айтылат маалыматта.
Чет мамлекеттен барган Россиянын жарандары келгенден кийин үч күндүн ичинде бир жолу ПЦР-тест тапшырып, анын жыйынтыгы чыккыча жашаган жеринде обочолонуп турушу керектиги айтылган.
Белгилүү болгондой, эгер жаран коронавируска каршы эмделсе (сертификаты 12 айга жарайт) же коронавирус менен ооруса жана бул тууралуу мамлекеттик кызматтын порталында маалымат болсо, ПЦР-тест тапшыруу зарыл эмес.

"COVID-19 жок саякаттайм" тиркемеси кандай иштейт?

Мигранттар алданып калбайт. Иш издөө боюнча ЕАЭБде жаңы система ишке кирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Мигранттар алданып калбайт. Иш издөө боюнча ЕАЭБде жаңы система ишке кирди

Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү зарыл. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланка берилет. Бланкадагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу кажет. Жүргүнчү учардан мурда тиркемеден тесттин жыйынтыгын бир карап, мөөнөтүн текшерип коюшу шарт (ПЦР-тестти учарга чейин 72 сааттан эрте эмес убакытта тапшырышы керек).

Учакка отургандан кийин жаран тиркеменин жардамы менен телефондогу QR-кодду көрсөтөт.
Система ЕАЭБ аймагында гана инфекциянын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында иштейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0