Москвада мигранттар вакцина алууда. Эмдөөнүн жүрүшүнөн репортаж

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМосквада мигранттар вакцина алуу учурунда
Москвада мигранттар вакцина алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Эки медициналык жайга мыкты уюшкандыкта мигранттарды алып келишти. Бюрократия байкалбайт, баары сылык-сыпаа, эң башкысы, эмдөөгө алар өз чөнтөгүнөн төлөбөйт.
Данара Курманова, Sputnik
Россиянын борборунда эмгек мигранттарын эмдөө кампаниясы старт алды. Анын жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин репортажынан билүүгө болот.
Москвада 29-июнда сырттан келген жумушчуларды коронавируска каршы эмдөө программасы башталды. Бир нече күн мурун эле бул процессти РФ президенти Владимир Путин табыштаган.
Чет өлкөлүк жарандарды эмдөөгө Москвада коронавируска каршы күрөш боюнча кампаниянын башталышы себеп болду. 18-июнда Россиянын баш калаасынын бийлиги соода, тейлөө жана коомдук тамактануу жаатындагы ишканаларды 60 пайыздан кем эмес кызматкерлерин эмдетүүгө милдеттендирген.
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМосквада 29-июнда сырттан келген жумушчуларды коронавируска каршы эмдөө программасы башталды
Вакцинация мигрантов от COVID-19 на территории ТЦ Садовод - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Москвада 29-июнда сырттан келген жумушчуларды коронавируска каршы эмдөө программасы башталды
Москвадагы мигранттар үчүн атайын эки ири эмдөө жайы уюштурулган. Алар Сахаров кыштагындагы миграциялык борбордо жана "Садовод" соода борборунун аймагында жайгашкан. Күн сайын таңкы 8ден кечки 8ге дейре тыныгуусуз иштейт. "Садоводдогу" эмдөө жайын көзөмөлдөгөн №175 шаардык бейтапкананын башкы врачы Андрей Федорук Sputnik агенттигине билдиргендей, Россиянын борборунда чет өлкөлүк жарандарды эмдөө бекер эмес, бирок анын чыгымын мигранттар өздөрү көтөрбөйт.
"Вакцинация акысы – 1 300 рубль, бул жаңы, бир компоненттүү "Спутник Лайт" эмдөөсү, – дейт ал. – Мигрант жумушчуларын эмдөө үчүн ишканалар шаар жетекчилигине кызматкерлердин тизмесин тапшырышат, биз келишим түзөбүз. Күнүн, убактысын такташабыз. Мигранттар уюшкандыкта эмдөөчү жайларга жеткирилет".
Москвадагы компаниялар чет өлкөлүк кызматкерлерин "Садовод" соода борборуна автобустар менен алып келүүдө. Ар бир кийинки транспорт аталган борбордун дарбазасына туура жарым саат өткөндө токтойт.
"Садоводдогу" эмдөө пункту – чакан чатыр лагери. Оозунда медайымдар жана полиция кызматкерлери нөөмөттө турат. Эмделүүчүлөрдүн дене табы текшерилет.
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЧет өлкөлүк жарандарды эмдөөгө Москвада коронавируска каршы күрөш боюнча кампаниянын башталышы себеп болду
Вакцинация мигрантов от COVID-19 на территории ТЦ Садовод - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Чет өлкөлүк жарандарды эмдөөгө Москвада коронавируска каршы күрөш боюнча кампаниянын башталышы себеп болду
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бет кап тагынуу жана аралыкты сактоого көз салышат. Бул чаралардын баары эмдөө алдында илдетти жуктуруу тобокелдигин азайтуу үчүн көрүлүүдө.
Бир күндө эле эки эмдөө жайында 4 миң чет өлкөлүк жаран эмдөөдөн өттү, алардын арасында коронавируска кабылып, сакайгандар да жок эмес.
"Антителонун болушу негизи вакцинацияга жолтоо эмес", — дейт Андрей Федорук.
Ал ортодо медициналык кызматкер Фарндун Якубов аталган жайларга келгендерге вакцинанын маанисин түшүндүрүп, коронавирустун индиялык штаммынан коргонуу үчүн эмделүү зарылдыгын түшүндүрүүдөн жадабайт. Ал үчүн "Спутник Лайт" да таасирдүү. Орус тилин жакшы өздөштүрө элек айрым мигранттарга Фарндун өз эне тилинде – тажикче айтып берүүдө.
"Брянск облусундагы медициналык колледжде окугам, – дейт ал. – 2017-жылы аяктап, Москвага жер которуп, ушул шаарда иштеп калдым. Пандемия башталгандан тарта ковиддик бригаданын катарында эмгектендим, ал эми азыр эмдөө пунктунда кызматтамын".
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүү18-июнда Россиянын баш калаасынын бийлиги соода, тейлөө жана коомдук тамактануу жаатындагы ишканаларды 60 пайыздан кем эмес кызматкерлерин эмдетүүгө милдеттендирген
Вакцинация мигрантов от COVID-19 на территории ТЦ Садовод - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
18-июнда Россиянын баш калаасынын бийлиги соода, тейлөө жана коомдук тамактануу жаатындагы ишканаларды 60 пайыздан кем эмес кызматкерлерин эмдетүүгө милдеттендирген
Азырынча сынамык режимдеги эмгек мигранттарын эмдөө процессин тездетүү үчүн Москва бийлиги эмдөө үчүн керектелчү документтер тизмегин болушунча кыскартты. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн паспортто камтылган маалыматтарды гана көрсөтүү жетиштүү. Башка мамлекеттерден келген мигранттар патент тууралуу, Россияда утурумдук жүрүүгө уруксат же убактылуу жашоо укугун тастыктаган маалыматтарды да тапшыруусу кажет.
Өзбекстан жараны Назира Тошболтаева документ топтоо жана эмделүү жеңил эле болгонун айтат. "Эмдөөдөн кийин абалым жакшы", – дейт ал. Назиранын дагы бир мекендеши, ашпозчу Хусанбой Эркабаев да процедурага ыраазы.
"Баарына эмделүүгө кеңеш берер элем. Ковид дагы эле арабызда жүрөт, — дейт ал. — Тез эле бүттү, башкысы абдан сылык мамиле жасашты. Сени жылмаюу менен күтүп алышканы баарынан маанилүү эмеспи".
Анын жообун медайым Екатерина Борисовага айтып берсек, ал: "Кантип жылмайып тосуп албайсың? Бөтөн өлкөдө жүрүшөт. Биз аларга баарын түшүндүрүп жатабыз. Айтмакчы, аларды эмдөө абдан жеңил өтүүдө, ар бирине беш мүнөт эле жумшалууда".
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМосквадагы мигранттар үчүн атайын эки ири эмдөө жайы уюштурулган.
Вакцинация мигрантов от COVID-19 на территории ТЦ Садовод - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Москвадагы мигранттар үчүн атайын эки ири эмдөө жайы уюштурулган.
Чатыр лагеринен чыкканда мигранттарды Ольга медайым күтүп алууда. Ал эмдөө жөнүндөгү бардык суроолорго жооп берүүдөн сырткары, ар бир бейтапка жылуу тилегин айтып узатууда.
"Медицинада иштеген соң негизи эле адамдарга жылуу мамиле жасайсың, бирок биз чет өлкөлүктөр менен иштөөдө мурдагыдан да кылдат болууга аракет кылуудабыз, – дейт ал. – Эмделгендердин саны дагы арбып, ковид жагдайын жөнгө салып алсак болот эле".
Жаңылыктар түрмөгү
0