Путин Россияда мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартып берди

© Sputnik / Сергей Ильин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архив
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жазылуу
Бул чечим санитардык-эпидемиологиялык абалды курчутпоо жана жогорку топко кирген чет элдик жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн кабыл алынды.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өлкө аймагында мигранттардын убактылуу жүрүүсүн санкциясыз калтыруу мөөнөтүн 2021-жылдын 30-сентябрына чейин узартты. Бул тууралуу Кремлдин сайтында айтылды.
15-июнда мигранттардын Россияда жүрүүсү боюнча президент Владимир Путиндин жарлыгынын мөөнөтү аягына чыкты. Ага ылайык, Россияда убактылуу жүргөн мигранттар эпидемиологиялык оор абалга байланыштуу каттоосунун мөөнөтүн узартпай эле жүрө алмак. Бул документ 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирген.
"Бул чечим санитардык-эпидемиологиялык абалды курчутпоо жана жогорку топко кирген чет элдик жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн кабыл алынды. Жарлык күчүндө турган маалда миграциялык мыйзамдарды бузган чет элдиктер мекенине депортацияланбайт", — деп айтылат билдирүүдө.
30-сентябрга чейин Россияда жүрүп, аталган нормаларды бузган чет элдиктер миграция маселелери боюнча мамлекеттик органдарга кайрылып, каттоого туруу, патент алуу маселелерин бүтүрө алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0