Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Рысбекова: мигранттардын 4 миңге жакын баласы бөтөн адамдардын колунда калган

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн айтымында, үйлөрдү кыдырып текшере келгенде эмгек мигранттарынын 86 миңге жакын баласы аныкталган.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 2020-жылдагы маалыматтарга караганда, мигранттардын 3 800гө жакын баласы бөтөн адамдар менен калышкан. Бул тууралуу балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди.
Анын айтымына караганда, өткөн жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үйлөрдү кыдырып текшергенде эмгек мигранттарынын 86 миңге жакын баласы аныкталган.
"69 миң баланын ата-энеси акча табуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткен. Алардын 3,8 миңи бөтөн адамдарга ташталган. Балдарын курбуларына ишенип таштап кеткендер дагы болгон", — деди Рысбекова.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 5-майда кол койгон жаңы Конституцияда балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы пайда болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0