Жапаров ЕАЭБде мигранттар үчүн шартты мындан дагы жакшыртууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Бүгүн, 21-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында кезектеги жыйыны өттү.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. ЕАЭБдин ичинде жарандар жөн гана эркин жүрүп, ишке орношкондон тышкары башка ыңгайлуулуктарга дагы ээ болушу керек. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында өткөн жыйынында айтты.
"Алдыбызда жалпы эмгек рыногун мындан ары өнүктүрүү маселеси турат. ЕАЭБдин ичинде жарандарыбыз жөн гана эркин жүрүп, ишке орношкондон тышкары заманбап медицина, билим берүү жана социалдык коргоо сыяктуу жашоону жеңилдеткен маанилүү нерселерге ээ болушу керек. Биримдиктин негизги максаттарынын бири — жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу", — деди Жапаров.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен бир катар чечимдер кабыл алынмакчы.
Буга чейин саммитте "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда да өндүрүү тууралуу сөз болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0