18:39 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
108 0 0

Азамат Айтбаевдин айтымында, мигрант бара жаткан өлкөнүн мыйзамдарын билип алганы жакшы. Мыйзамды билбестик оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандык мигранттардын көйгөйүн чечүү менен алектенген "Замандаш" ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев чет өлкөдө иштөөдөгү эмгек келишиминин артыкчылыктарын айтып берди.

Анын пикиринде, чет жакта мыйзамдуу түрдө иштеген адамга андан ары өнүгүүгө жакшы шарттар түзүлөт.

"Мигранттардын басымдуу бөлүгү тааныштары аркылуу жумушка кирип, чет жакта келишим түзбөй эле иштей берет. Бул учурда алар чоң тобокелдикке барып, коркунучка кептелишет. Ал эми жумуш берүүчү менен мамилени мыйзамдаштырган адам эч нерседен коркпой иштей берсе болот", — деди адис.

Айтбаевдин айтымында, мигрант бара жаткан өлкөнүн мыйзамдарын билип алганы жакшы.

"Мыйзамды билбестик оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мисалы, ар бир өлкөдө анын аймагына кирериң менен каттоого туруп, жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүү керек. Бул эрежелерди аткарбаган адам "кара тизмеге" кирип же кайра келүү укугунан ажырап, өлкөдөн чыгарылып калат", — деди ал.

Сөзүнүн аягында Айтбаев эмгек келишиминин артыкчылыктарын санап өттү.

"Эмгек келишими маянаны камсыздандырууга, эмгек шартын жана иш убактысын аныктоого жардам берет. Ошондой эле мыйзамдуу түрдө иштеген адамга эмгек стажы жазылып, келечектеги пенсиясына төлөм кете берет", — деп түшүндүрдү координатор.

Мындан тышкары, ал келишим менен иштегендер милдеттүү медициналык камсыздандырууга ээ болуп, медициналык кызматтарды тоскоолдуксуз пайдалана аларын кошумчалады.

Тема боюнча

Россияда ар бир мигрантка QR-код ыйгаруу сунушталып жатат. Максаты
Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар жоопко тартылбастан каттоого тура алат
Белгилер:
Мигрант, келишим, адис, жумуш, мыйзам, укук

ЭҢ МААНИЛҮҮ